Айдана АБДЫКАДЫР кызы: «Күйөөң бар экен, үйдө эле отурбайт белең» деп мен үчүн кыйналгандар көп»

Айдана АБДЫКАДЫР кызы: «Күйөөң бар экен, үйдө эле отурбайт белең» деп мен үчүн кыйналгандар көп»

 Ары кооптуу, ары жооптуу кызматта иштеп жаткан ИИМ эр-азаматтары, айымдары тууралуу  биздин редакцияга (Alakan.biz) байма-бай келип жаткан макала-материалдарды сүрөттөрү  менен көптөн бери жарыялап келебиз. «Ар бир адам — бир аалам» дегендей, бүгүнкү тааныштыруубуз Ырыс Сагымбаеванын макаласынын каарманы милициянын кенже лейтенанты Абдыкадыр кызы Айдана тууралуу болот…

Милиция жөнүндө роль аткарган кичине кыз

Милицияда түйшүгү түмөн тергөө кызматында эр азамат жигиттер менен үзөңгүлөш кызмат өтөп келе жаткан айымдарыбыз бар. Бул тармактагы милициянын мыкты кыздарынын бири — Ош ШИИБнын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн Жоруктар жөнүндө иштер боюнча тобунун алгачкы текшерүүчүсү,
милициянын кенже лейтенанты Абдыкадыр кызы Айдана.

…Бакыраң көз тергөөчү кыз менен Ош облусуна болгон иш сапары учурунда тааныштым. Алыскы Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Үчкапчал айылында туулуп өскөн Айдана маек учурунда балалык кези, мектеп жашынан башталган милицияга болгон кызыгуусу, ата-энеси, жашоодогу тандоосу ж.б. тууралуу айтып олтурду.
Айдананын атасы Абдыкадыр Айдаралиев көп жылдан бери Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө ветеринардык дарыгер болуп эмгектенип келет. Айыл жергесинде мал колдо болгон биринчи байлык эмеспи, андыктан жаз, кыш дебей, чарчадым-чаалыктым дебей айыл аралап жүргөн дарыгер айыл тургундары арасында кадыр-барктуу адам. Абдыкадыр мырза тууралуу айтканымдын жөнү бар, анткени анын кыздарын чыдамкайлуулукка, эмгекке тарбиялап, көзөмөлдү катуу жүргүзгөнү кандайдыр-бир деңгээлде Айдананын татаал кызмат деп эсептелген милицияны тандап алышына шарт түзгөн десек болот.

Мектепте окуп жүргөн кезинде марш тээп ары-бери басып, кандайдыр-бир спектакль, оюн коюлса андагы милициянын ролун эч кимге бербей өзү аткарып жүрүп, биздин Айдана окууну бүтүрөт. Ойлонбостон милициянын окуусун тандап, ИИМдин Академиясына ийгиликтүү өтүп кетет. Окуу башталганда кызынын тандоосун колдогон атасы аны менен чогуу Бишкекке келет. Эрте менен атасы менен кызы Сокулук районунан чыгып, Академияга окууга бирге келишет. Айдана марш тээп короодо жүрсө же сабакта олтурса,
атасы окуу жайдын короосунун сыртында аны күтөт. Ошентип он күндөй кызынын окуусуна байкоо салган атасы бир күнү: «Кызым, алыс жактан окууңа барып-келишиң кыйынга тургудай, андан көрө жүрү Оштон эле билим алчы…» деп Айдананы Ош шаарындагы Юридикалык институтка алып кетиптир…

Үмүт …

Алгач Айдана аталган институтка көнө албай, таштап кеткен окуу жайында эле окусам болмок деп жүрөт. Бир күнү институттун ректору Токторов 1-курстун студенттери жолугушуп, укук деген эмне экенинен баштап абдан маңыздуу лекция окуйт. Ошондон баштап Айдананын окууга болгон кызыгуусу кайрадан жаралып, бул жерден деле укук боюнча билим алсам болчудай деп көңүлү тынчыйт. Бардык аракетин, көңүлүн окууга коёт. Арадан беш жыл байкалбай зуулдап, Айдана Абдыкадыр кызы Юридикалык институтту артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Ал арада үй-бүлө күтүп, наристе жытын жыттоого да жетишет. Аракет кылсаң, көздөгөн максатыңа жетесиң дегендей, аракетинен жазбай келе жаткан милициянын кенже лейтенанты Айдана Абдыкадыр кызы бүгүн минтип өзү каалаган, тандаган милиция кызматында эмгектенип келет. Алгач Ж.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда үч ай билим алып, аны бүткөндөн кийин Кайгуул-күзөт кызматына ишке орношкон. Кайгуул-күзөт кызматы–бул чоң турмуштук мектеп эмеспи, бул кызматта эл менен иштөөнүн сырларын жеринде өздөштүрүп, мамиле түзүүнүн сырларын үйрөнгөн, тажрыйба топтогон кызматкер милициянын кайсыл гана кызматы болбосун, буйдалбай ишти алып кете алат. Дал ушул кызматта кыйла жыл такшалган Айдана 2019-жылы сынакка катышып, андан ийгиликтүү өткөн соң учурдагы кызмат ордуна дайындалган.

«Бекем тыл бел ашырат» дейт…

Деги эле милициянын иши татаал, ченемсиз. Өзгөчө тергөө кызматы аялдар үчүн бир топ эле түйшүктүү. Мисалы, Айдана ар жумада, кээде үч күндө ыкчам-тергөө тобунун курамында нарядда туруп, күчөтүлгөн режимде кызмат өтөгөн күндөрү кызматында кармалып калат. Мындай учурда кызматын, өмүрлүк жарын тандоодо жаңылбаган Айдананы колдоп, туура түшүнгөн өмүрлүк жары бар. Балдарына каралашып, багып берген кайын энеси бар. «Мени үй-бүлөм колдоп келе жатканы үчүн тоскоолдуктар жаралбай, өз милдетимди аткарып кызмат өтөп келе жатам. Эң негизгиси ар ишти өз убагында так жана туура чечип, элдин арыз-даттанууларына жол бербешибиз керек. Милиция менин сүйгөн кесибим. Түнү нарядда турганда же ысык-суукта иштеп жүргөн кезимде «Күйөөң бар экен, үйдө эле отурбайт белең..» деп мен үчүн кыйналган адамдар көп. Бирок, эң кызыгы-мага ошол кыйынчылыктар сезилбейт. Мен өз кесибимди сүйгөн үчүн ал кыйынчылыктарды сезбесем керек деп ойлойм»,-дейт ой толгоолору менен бөлүшкөн Айдана Абдыкадыр кызы. Милициянын тылы бекем болсо, ийгилик жаралат дегендей, андыктан алдыга койгон көптөгөн аруу максаттары, тилектери бар менин каарманымдын жетишкендиктери али алдыда…

Милициянын формасындагы сыр… Сакталган календарь…

Милициянын формасы жарашыктуу, абдан кооз. Ал баарыбызга жагат. Бир жолу милиция формасын кийип иштеп көргөн адам, аны оңойлук менен чечип басып кете албайт. Анткени, форманын өзүнчө бир сыры бар. Мына ушул форманы алгач кийип кызматка чыккан Айдана да өзгөчө бир толкунданып, сезим толкунунда серпилген экен. Толкунданган бойдон өзүнүн формачан сүрөтү түшүрүлгөн календарь чыгарып, аны ата-энесине, кайын журтуна жөнөтүп жиберет. Көп адамдын батасын алган ошол календарь айылдагы Абдыкадыр мырзанын үйүндө ушул күнгө чейин илинүү турат экен… Материал жарыкка чыгаар алдында Айдана Абдыкадыр кызына кезектеги лейтенант наамы ыйгарылганынан кабардар болдук. Айдана, наамың кут болсун!

Ырыс САГЫМБАЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.