Маек — Балапан чыгайын деп калган жумуртканы бышырып салып, таенесин кейишке салган секелек кыз…

Маек — Балапан чыгайын деп калган жумуртканы бышырып салып, таенесин кейишке салган секелек кыз…

Поэзия ааламын аӊтарып, ажарын ачып, калеминен жүрөк толгоп түмөн ойлордон керемет саптарды жаратып келаткан акын кыздарыбыз бар. Ошондой акын кыздарыбыздын бири, окурман, күйөрман, сүйөрмандар арасында өз аудиториясы бар акын эжекебиз Нуржамал Султанбекованын ыр дүйнөсүнө баш багып, аралыктан интернет аркылуу баарлаштык.

Коногубузду учкай тааныштырсак, 64 жашта. 1957-жылы Жалал-Абад облусундагы Токтогул районуна караштуу Толук айылында төрөлүп, Сары-Сөгөт айылында таенесинин колунда өскөн. Кесиби — соода кызматкери. Үй- бүлөлүү. Жолдошу Болотбек Токтоматов экөө төрт уул, үч кыздын ата-энеси.
Ал эми маегибиз туулуп-өскөн айылынан башталды.

— Менин балалыгым Токтогул районундагы Сары-Сөгөт айылында өткөн. Мени үч айлык кезимде таенем багып алган экен. Таенем колунун көөрү төгүлгөн ууз адам эле. Мага көп нерсени үйрөттү. Таенемдин жанында балалыктун керемет күндөрүн өткөрдүм. Кызыктуу окуялар көп болду. Эсимде, бир жолу сабактан келсем, үйдө таенем жок экен. Күтүп-күтүп, анан сыртка чыгып ойноп жатып жыйылган чөптүн түбүнөн көп жумуртка таап алдым. Этегиме чогултуп алып келип, чайнектеги сууга салып, газга коюп, аябай кайнатып бышырып койдум. Таенем келгенде мактанып тасмалга койсом, чекесиндеги терди аарчып, чок баскандай чочуп: «Катыгүн, кызым, бул эмне кылганыӊ!? Жумуртканын ичинде балапандар бар эле да… Чыгайын деп калды эле да. Эми алардын убалы кимге?!» деп кейип, тилдеп, ал жоругумду көп жыл унута албай жүрдү…

АЛ СҮЙҮҮСҮ, БАПЕСТЕГЕН ЭНЕҢИН

Сүйүүм менин, өчпөс сүйүү дебегин,
Дароо өчөт, тийбей калса керегиң.
Түбөлүктүү жалгыз гана сүйүү бар,
Ал сүйүүсү, бапестеген энеңин!

Жаш өткөндө, сүйүү, болбойт дебегин,
Жашын тактап, койгон эмес ченемин.
Мен аларды, сүйүү деймин, жөн гана,
Келбейт аны, Айга-Күнгө теңегим.

Бул өмүрдөн, чалкып өтөм дебегин,
Жазуусу бар, жазып салган эгемин.
Ошондуктан элге тийип керегиң,
Өзгөнүн да, туура камын жегениң.

Айыкпаса, өлөт да, ал дебегин,
Ага тийбей, алат кээде керегин.
Бир чүчкүрбөй, өтүп кетсе өмүрдөн,
Өзү дагы, билбей калат себебин.

Жамандыкты жеңип келген жакшылык,
Бечарага күлбөй жүргүн каткырып.
Ыйманыңдан кеткен күнү жараткан,
Койот сенин, жүрөгүңдү таш кылып.

АЗЫР ДАГЫ ТҮШҮРДҮҢ БААРЫН ЭСКЕ

Күн кучактап, ааламга батпай анык,
Сен дегенде, сезимдер оттой жанып.
Көрүшүүгө ашыгып, күнү бою,
Көздөрүбүз турчу эле, күйүп жанып!

Бакты карап «Акжолтой» үргөнүндө,
Сезээр элем, сен келип калганыңды.
Ийик ийрип, сүйлөшүп алаксыбай,
Кетирчү эле апакем дарманымды.

Тээ бир оокум, ошол бак арасынан,
Бир ышкырык чыкчу эле, кеттим деген.
Оо апакем, апакем сакчысың ээ,
Жан кыйнаган ойлорго жеткирбеген?

Эми келбей калат деп туталанып,
Уйку көрбөй калчу элем, андай кечте.
Эх балалык, өзгөчө кереметсиң,

Азыр дагы түшүрдүң баарын эске.

— Балалыктагы, секелек кездеги учурларды, сакчы апалар тууралуу элестүү жазыпсыз. Уурданып жолуккан ашыгыӊыз менен турмуш курдуӊузбу же таянеӊиз башкага берип койдубу?
— 19 жашымда турмуш курдум. Жолдошум Болотбек Токтоматов менен Бишкек шаарынан таанышкам. Кесиби — мугалим, математикадан мектепте сабак берет. Ага чейин айыл чарбасында көптөгөн кызматтарда иштеди. Кудайга шүгүр, төрт уул, үч кызыбыз бар, алты балабыз жогорку билимдүү.

АК ЖАМГЫРДАН, ТАПКАН МЕНИН ТАБЫЛГАМ

Жашынууга эч бир айла таппастан,
Жамгыр төктү, ушунчалык бат-баттан.
Жалгыз көйнөк, өтө жука үстүмдө,
Сыгып алма, суу денеме чапташкан.

Тынчым кетет, жолдон көзүм албастан,
Төгөт жамгыр, улам күчөп талбастан.
Көйнөгүм да сыгып алма суу болду,
Шоргологон суусу этиме жармашкан.

Көптө келип, сен жаныма токтодуң,
Бол ылдам деп, тааныштарга окшодуң.
Агып кетпе, жамгырга деп шоктонуп,
Сумсайуумдан тынчып калды шоктонууң.

Караганың сезип калдым уурданып,
Ката түштүм, кадимкидей сурданып.
Сен да сездиң, ыңгайсыздык жаратпай,
Кирпигиңден турду сырдуу нур жанып.

Бүкүрөйүп ийем артка далымды,
Суу көйнөгүм, кетирди го алымды.
Карабаса экен деймин ичимден,
Сөзгө тартып, сындырбаса шагымды.

Өзүм жылып, үшүгөнүм билинбей,
Үүнүм дагы, ичтен чыкпай дирилдей.
Жеткенимде, келдим дедим уялып,
Жылмайыңкы, карап калдың күлүңдөй.

Ортобузда сүйлөшүүнүн жогунан,
Ойлогонум чыккансыды оңунан.
Тагдыр деген, табышмактуу турбайбы,
Ойдо жок иш, кайра такыр жолугам.

Ичтен сызган, ойлор менен алышып,
Сыр билгизбей, бир-бирине жагышып.
Сыйлашуунун өтө назик кылдары,
Койгон тура, бал сүйүүсүн тамызып!

Өткөндү эстеп, уялганым сураба,
Чапталышкан көйнөгүмдүн айынан.
Сыр билгизбей, карасаң да алдыртан,
Сезип тургам, бүт баардыгын далыман.

«Ак жамгырдан, тапкан менин табылгам»
Деп калчуусуң, чыкпай такыр жаныман.
Жаштыгымдын ошол күнүн эстесем,
Жарк-журк этет көз алдымда чагылган.

Алигиче унута албай жүрөсүң,
Жамгыр катуу, жааса эстеп күлөсүң,
Көргөмүн деп, бекитсең да төшүңдү,
Көңүлүмдүн борборуна киресиң!

ЖАКШЫ АДАМЫМ

Жакшы адамым, дайым бирге жүрөрүм,
Түбөлүктүү кошо өмүр сүрөрүм.
Көп ойлорду биргелешип чечеерим,
Бир өмүрдөн, кол кармашып өтөрүм!

Жакшы адамым, бүт өмүрүн арнаган,
Ачуусун да, таттуусун да чанбаган.
Чайпалса да, толуп турган кесеси,
Жеңил ойлоп, жамандыка барбаган.

Жакшы адамым, кемтигимди бүтөгөн,
Жашоом көрктүү, болоруна ишенем!
Калкы сыйлап, кадыр-баркын толтурган,
Жакшылыктар болуп келген кол сунган!

Жакшы адамым, чырды алыс таштаган,
Жакшылыктан, жамандыктан качпаган.
Үйүм жарык, төрүм көрктүү сен менен,
Өмүр узак, болсун чогуу аттаган.

Жакшы адамым, жылдызымсың өчпөгөн,
Жакшы адамым, үрөөнүмсүң көктөгөн!
Жакшы адамым, узака жол баштаган,
Жакшы адамым, саяпкерим таптаган!

— *Ыр жазууга кызыгуу, аракеттер канча жашыӊызда башталды эле?
— Мектепте окуп жүргөн кезде башталган. Бирок, алгачкы ырым эсимде жок.

— Келечекте акын бойдон калам дебесеӊиз керек да ээ? Кайсы бир кесипти кааладыӊыз беле?
— Дарыгер болууну катуу самаган элем. Химия, математика, биология сабактарын жакшы көрчүмүн. Бирок учурунда оюмду сыртка чыгарып айтпаган уяң элем. Мединститутка тапшырып, бирок сынактан кулап калдым, ошондо ректор өзүнө эки абитуриентти киргизип, «Москвадагы борбордук ЖОЖго окугула» деп кеңеш берген. «Москвага кантип барабыз?» деп ойлонуп, уяӊдыгымдан жол-жобосун билбей калып кеткениме ушул кезге чейин өкүнөм… Кийин соода тармагында 14 жыл иштедим. Социалдык кызматкер болуп иштеп жүрүп пенсияга чыктым.
— Ырларыӊыздагы саптардан турмуш жолуӊузда жакшы менен катар оор учурлар да болгонун байкадым. Армандуу ырларды да жазыпсыз жоктоп…
— Ар бир адамдын башында жоготуу бар экен да… Ата-энемдин көздөрү өтүп кеткен. Атам мыкты бухгалтер эле. Агам эки жыл мурун өтүп кетти… Үчөө катары менен өтүп кетти… Атам каза болгондо айылдашы Кылычбек Жалгапов: «Толук айылынын аска тоодой аксакалы Чынтемиров Султанбек 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Аксакал 1930-жылы туулган. Кырчындай наристе балалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарына туш келип, 15 жашынан ат тизгинин колго алып, эл аралап эмгектенген. Айылдын селолук советинде төрага, башкы бухгалтер кызматында эмгектенип, 45 жыл иштеп ардактуу пенсияга чыккан. Бир канча медаль, ардак грамоталардын ээси. Эл кызыкчылыгын көздөп, карааны тоодой кадыр-барк алуу менен өткөргөн. Жети уул, үч кыздын ардактуу атасы. 36 неберенин чоң ата, таятасы. Толук айылы жана кыргыз эли сыймыктанган, кыргыз поэзиясына кошкон салымы бар, атанын атын чыгарган акын эжебиз Нуржамал Султанбекованын атасы»,- деп эскерүү жазган.
Агама арналган армандуу ыр да жазылды… Курандан башка арга жок экен, калган бир туугандарым аман болсун деп Кудайдан тилеп келем.

ЭЧ БИР ПЕНДЕ КЫЛАЛБАС АНЫ ЖЕКСЕН
Жүрөгү тыптынч, сокпой калышынан,
Жалдырап көз албадым табытынан!
Ушул күндүн, канча оорлугун айталбасмын,
Жер силккен, чагылгандын дабышынан!

Уул, келиниң Мекеден келер күнү,
Кошо келди, ажалдын жырткыч түрү!
Жакшылыкты тосолу деп турганда,
Муңга толду, агамдын куттуу үйү!

Таш боор ажал, ушунча муздак белең?
Жүз тилинсе жүрөгүм, муздап денем!
Караан туткан, пиримди алып тындың,
Жанга-жагым, жаныма кубат берген!

Катар келген, жакшылык кубандырып,
Кайрат берип турганда чыңалдырып.
Кайдан келдиң? Ач ажал, тилеги таш?
Бир боорумду, алпкеткен ынандырып!

Кечир Аллах! өзүңө каттуу кетсем,
Кайгыруудан, турамын танып эстен!
Өмүр бүтсө, өлүмдү билип турам,
Эч бир пенде кылалбас аны жексен!
КАБЫЛ КЫЛ ДЕП, ОКУЛГАН ЖАНАЗАСЫН
Эстесем көз жашымдын төгүлгөнүн,
Элестеп, эми кайдан көрүнмөгүң.
Ажалдын таш боорлугун, айта көрбө,
Айласыз, боорум сенден бөлүнгөмүн.

Зыркырап, айрылганда сыздаганмын,
Жер чапчып, арга таппай муштаганым.
Көргөнүмө ишенбей чыркырагам,
Таштай катып, жүрөгүң муздаганын!

Кандай күйүп-бышканым, өзүм билем,
Айла канча, аргасыз басып жүрөм!
Бирде ыйлап, а бирде унутсам да,
Бир- боорумсуң, болбостур ага күмөн.

Так эместей, ким билет таразасын,
Алып тынды, теңирим аласасын.
Арга таппай артында кала бердим,
Кабыл кыл деп, окулган жаназасын!
— Балдарыӊыздардан ыр жазгандар барбы?
— Ооба, балдардын бири болбосо, бири тартат экен. Тимур деген уулум ыр жазат, абдан жакшы жазат. Балдарыма бекем ден соолук, узун өмүр каалайм. Алар маңдайымда аман турганда, убайымдын баары унутулат.

ДЕН СООЛУК

Албасам да, асман челген айлыгын,
Ден соолугум, баасы чексиз байлыгым!
Уул-кыздарым маңдайымда турганда,
Унуттурат убайымдын калдыгын.

Ден соолугуң, амандыгы башыңдын,
Өйдө кулап турган кези ташыңдын.
Алтын колдон, бардык нерсе жаралат,
Адалдыгын ойлоп ичсең ашыңдын.

Байлык тилеп, жан кыйнаба жанчылган,
Ден соолуктун, баасы кымбат алтындан.
Кокус катуу, ооруп калса бир жериң,
Ажал турат, көз алдыңа тартылган.

Өмүр кымбат, убагында баалагын,
Калтырбастан, таманында нааланын.
Жарк деп күйүп, жалп деп өчөр күнү бар,
Анда эч ким, бере да албайт жардамын.

Байлык, бийлик насип болсо табылат,
Ден соолукту, таба албайсың жаңылап.
Соолбос кылып, жаратпаптыр адамды,
Сан жылдарга сактап алар дарылап.

— Акындын кыялы кандай болот? Ар ким ар кандай мүнөздөйт, сизде кандай?
— Акындын кыялыбы?.. Акын капа болгондо, ал эч нерсени сүйбөйт, көңүлү ачык учурда эргүү келип, ыр жазып калат.
— Жарык көргөн ыр жыйнагыӊыз барбы?
— Ыр китебим жекече чыга элек. Аралаш, көп эле китептерге ырларым басылды.
— Жазгандарыӊыз бааланып жатабы? Сыйлыктарыӊыз барбы?
— Чыгармачылыктын түмөн түйшүгүн түшүнгөндөр баалап сыйлык бергендер болду. 2018-жылы «Аруузат айымы», 2019-жылы «Жылды мыкты акыны», 2020-жылы «Алтын калем» сыйлыгына ээ болуп, төш белги, көптөгөн мактоо баракчалары, ыраазычылык каттар менен сыйлангам. «Дүйнө таланттары» тайпасы тарабынан беш жолку сынакка катышып, бир жолу баш байге, үч жолу биринчи, бир жолу экинчи орунду алдым. Жакында эле «Туран биримдиги» тарабынан «Мыкты калемгер», «Ала-Тоо мекенчил инсандары» тарабынан «Эл сыймыгы» төш белгилери менен сыйландым.
— Учурда эмне менен алексиз?
— Учурда «Данакер лингво» маданий-илимий коомдук бирикмесинде жана «Дүйнө таланттары» тайпасынын мүчөсүмүн. «Данакер лингво» бирикмесин кесиптешиӊер Кундуз Исмаилова жетектейт. «Дүйнө таланттары» тайпасынан казак, өзбек, түрк акындары менен тааныштым. Казак акыны Талап Таймасулы «Бакыт эмне?» деген ырымды казак тилине которду. Талап мырзага абдан ыраазы болдум. Чыгармачылыгымды чагылдырып келаткан журналисттерге да ыраазымын.
— Кыргыз журналистикасына ичиӊиз чыгабы? Кайсы журналисттерди жактырасыз?

— Иш бар жерде кемчилик бар да. Ичим чыкпайт деп так кесе айта албайм. Учурунда биз «Ала-Тоо», «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш» сындуу аз сандагы эле гезит-журналдарды жазылып окучу элек. Ал кез башкача эле… Кийин «Асаба» гезити мыкты чыкты. Ал гезитти ыраматылык Мелис Эшимканов гүлдөттү да. Мелис Эшимканов, Эрнис Асек уулу, Кубат Жусубалиев, Алым Токтомушев, Кимбайкенин жазгандарын кууп окучубуз. Эрнис Асек уулунун курч, мурч, кыска-нуска жазгандары жагат эле. Оуу, Мелис деген Мелис да, катуу иштеди. Бийлик канчалык кысым көрсөткөн сайын чыйралды, сынган жок. Аттиӊ, жаш кетти. Жазмыш экен, артынан иниси да жаш кетиптир… Алар кыргыз журналистикасына өӊ, дем, жъз, багыт, тема берип кетишти. Кийинки журналисттерден Кундуз Исмаилова, Аскер Сакыбаева, Жазайым Айдекованын жазгандары жагат.
ТУЮМ
Түбөлүктүү бакыт жок, көз ирмем бар.
Делөөрүткөн жүрөктү сезимдер бар.
Алоолонтуп өрттөнгөн сүйүүлөр бар,
Азап чеккен армандуу күйүүлөр бар.

Адам болуу эӊ кыйын бардыгынан,
Көп адамдын пейилинин тардыгынан.
Кээде кейип, кээ кезде көкөлөсөӊ,
Жүрөк кургур чыдайт го жетелесеӊ.

Бооруу турса сызылып тилген өӊдүү,
Болбос иштин маӊызын билген өӊдүү.
Бармагыӊды бир күнү тиштегенде,
Баа бересиӊ туюмуӊ иштегенге.

Албуут сезим. баш ийбей туюмуӊа,
Колду шилтеп салгансыӊ кезегинде.
Акыл-эсин жеткенге эркиӊ жетпей,
Азап тарттыӊ, эх чиркин этегинде!
— Акындарданчы?
— Бактыгүл Чотурова, Сагын Акматбекова, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Жыргалбек Касаболотов, Шабдан Сулайманов, Нурлан Калыбеков, Бердибек Жамгырчиев, Нурлан Кимбилди, Бурул Доктурбекова, Максатгүл Медербекова, Чынара Сарбагышова, Упан Жумакадырованын жазгандары жагат.
— Эже, учурда бардык нерсеге жеӊил караган жаштар көбөйдү. Маселен, кечээ эле турмуш куруп, бат эле ажырашып кеткен жаштар болууда…
— Эми турмуш оюнчук эмес, кыйынчылык болмоюн бакыт келбейт… Жаштар ушуну түшүнүшү керек: турмуш курам деген адам жети өлчөп, бир кесиши абзел. Ажырашуу оӊой, бирок, ортодо бала бар болсо, ушул балдарга эле жаман. Канча күйгүлтүккө учурашат, жан дүйнөлөрү жабыркап оорукчан да болуп калат. Турмуш курдуӊбу, бардык кыйынчылыкка чыда! Анткени жашоо бир кылка болбойт, күтүүсүз кыйынчылыктар кездешет, бирде бар, бирде жок болот. Биз да турмушта далайды көрдүк, далай өйдө-ылдый баскычтарды басып өттүк, бирде төө миндик, бирде жөө жүрдүк…
БАКЫТ ЭМНЕ?
Бакыт эмне? Дүйнө мүлккө жетүүбү?
Ой- санаасыз, бир өмүрдөн өтүүбү?
Же болбосо жанды кыйнап жанчылып,
Күйүп- бышып, кызыл чокту кечүүбү?

Бакыт эмне? Жанашуубу күн менен?
Байлык күтсө бакты дешер билбеген.
Бак- таалайдын, шору да бар жазылган,
Шапар тепкен, күндөрүңдү сүйбөгөн.

Бакыт эмне? Түрлөп кийим кийүүбү,
Же алтынга толтуруубу үйүңдү?
Таза бакыт чындыгында ойлонсоң,
Агартканың аппак таза дилиңди.

Бакыт эмне? Сүйгөнүӊө жетүүбү?
Сүйүүсү үчүн бүт өмүрүн кечүүбү?
Ошол сүйүү ташка дагы айланып,
Албаса экен бир күндөрү эсиңи!

Бакыт эмне? Хан сарайда жашообу?
Кайгы каптайт карап турсаң ошону.
Коркунучта турса жаӊы аманат,
Ошол кантип бакыт болуп саналат?

Бакыт эмне? Ойлонсоң ой тереңинен?
Пейил берсин чалкытып кененинен.
Суктанбагын башканын бактысына,
Суусун канбайт өзүңдөн бөлөгүнөн!
— Өзүӊүз кандай келин болдуӊуз?
— Учурунда келин, кийин өзүм да кайнене болдум. Кайненени өз энеӊдей көрүү керек, бөлүп кароо тарбиясыздык. Ар бир кыргыз кызы келини өзү да кайнене болорун эсинен чыгарбашы керек! Биз бар-жогуна бирдей чыдадык, кеч жатып, эрте турчубуз. Ата-эне, тайне-таята, кайнене-кайната асыл адамдардын айткандарын, кеп-кеӊешин угуп койгон ашыктык кылбайт. Алар бизге таалим-тарбия берип, салт-санааны үйрөтүп өткөрүп жатат. Кийинки муунга өткөрүү кийинки биздин милдет болуп калат. Негизи балдардын дээринен да болот. Дээринде бар болсо, акыл калчап иш кылат. Жаштарга айтаарым, чыдамдуу болгула, ийгиликтер кыйынчылыктар менен келет. Далыга таптап мактагандан алыс болгула. Негизи адамды мактоо да өлтүрөт, жардан алыс учурат, көкөлөтүп көккө көтөрүп… жерге түшүргөндө, оор болот сабагы…
Мактоо жагат, кээ бирөөгө май сымал,
Мактагандар ойлоп көрсөң кайсылар?
Кошоматчы, ичи бузук түлкүлөр,
Карап туруп келет чыгар күлкүңөр.

Кошоматты жактыргандар жагынып,
Чоң кызматты, калышкандар сагынып.
Анткен менен, амалы күч шумпайга,
Келет тура, бекер дүйнө агылып.

Маңканы да мурундуу деп мактаган,
Майлуу оордун, тизе бүгүп сактаган.
Түңүлөсүң карап туруп таңыркап,
Амалына эч тынч алып жатпаган.

Тапкан менен, табышмактуу миң айла,
Айлакерди жактырбастыр Кудай да.
Жашай берет, жылбырскыдай жылтылдап,
Белчесинен батса дагы ылайга.
— Чыгармачыл адамдардын бир нерсени төлгө кылып жакшыга жооруп коюшканын көп угам. Сизде да ушундай учурлар болду беле?

— Болгон нерсени же болор нерсени жакшылыкка жооруган илгертен элибизде бар да. Эсимде, бир курдай шаардан Эсеп палатасынан текшерүү келди. Анда жолдошум айыл өкмө́тү эле. Текшерүү бүтүп, эртеси эрте кетишмек экен, кеч келишип, чай ичип эле жатып калышты. Эртең менен эрте саат 4тө туруп, сыртка казанга тамак астым. Алар саат 6да турушту. Тамакты чыгарып келип алдыларына койсом, мени карап күлүп калгандай болушту. Элес алган эмесмин, көрсө, халатымды тескери кийип алыптырмын да. Кийимди тескери кийип алсаӊ, чоӊ апаларыбыз, таянемдер «ишиӊ оӊунан чыгат» деп жакшылыкка жорушчу да, мен да жакшылыкка жооруп койгом…
— Эже, соӊку суроо. Жаӊы бийлик келди. Аларга эмне дээр элеӊиз?
— Жаӊы бийлик дегенде, былтыркы оор жыл эске түшөт. Кандай оор жыл болду, канча деген адамды алып кетти. Канча деген залкар адамдар кетти арасында! Курандан башка айла жок экен, жакындарын жоготкондорго көӊүл айтам. Жаӊырган жаӊы жылыбыз да, шайланган жаӊы башчыбыз да ак жолтойлуу болсун! Элдин ырыскысын жебей, Кыргызстанга кызмат кылсын.
ЧАЧКАН ОҢБОЙТ, ЫРЫСКЫСЫН ЭЛИНИН
Жетсе жетсин, тилегине көктөгү,
Аары тартсын, гүл ширесин чөптөгү.
Алса алсын,каалаганын айдагы,
Көрсө көрсүн, көз тойбогон пайданы.

Бүт ааламды батырса да көзунө,
Жетпегендей боло берет өзүнө.
Көз тойбойт деп бекер айткан эместир,
Кулак салсаң акылмандын сөзүнө.

Табылга эмес алтын жаның аманат,
Ачкөздүктөн, алдым-жуттум жаралат.
Кайтар дүйнө, өтөр дүйнө деген бар,
Абийр кетсе алалбайсың паралап.

Өзүм кан жеке болом дегениң,
Өзгөлөрдү билсең кууруп жегениң.
Актайм десең аппак сүтүн эненин,
Биле жүргүн көр дүйнөнүн ченемин.

Көңүл деле болбой калат бир жерде,
Коркуп жашоо өтө кыйын билгенге.
Жан сакчың да сага окшогон бир адам,
Тынчып калат бир ок менен ирмемде.

Чачкан оңбойт, ырыскысын элинин,
Саткан акмак кен байлыгын жеринин.
Өз мекенин тоноп жаткан шумпайдын,
Кудай дагы таразалайт пейилин.

Таза болсо бар тапканы буйрусун,
Өчүрбөсүн ал адамдын жылдызын.
Маңдай терден чоң ырыскы жаралса,
Отко күйүп, суукка тоңгон бир бутуң.

Тонобосо өлкөбүздүн байлыгын,
Жеп салбаса, жетимдердин айлыгын.
Адал болсо ала берсин күрөктөп,
Бечаранын бере жүрүп чайлыгын.

Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Маектешибиз Султанбекова Нуржамал эжебиздин балалыгы өткөн Сары-Сөгөт айылынын тарыхы баяндалган тасма экен, көрүп коюӊуз…

Атыӊдан айланайын, айылым!

Эрнис АСЕК уулу: «Кыргыздар, бардыгыбыз айылдан чыккан элбиз»

Жогорудагы тасмадан кийин, 8 жыл мурунку рубрика эске түштү. «Атыӊдан айланайын, айылым!» аттуу рубриканы жолдошум Эрнис АСЕК уулу «Баягы Асаба» гезитин чыгарганда (2013-жылы) ачты эле. Анда: «Асаба» гезитиӊер жаӊы саамалык баштап олтурат. Кыргыздар, дээрлик бардыгыбыз айылдан чыккан элбиз.  Айткылачы, Кыргызстанда канча айыл бар? Аны деле тактаганыбыз жок, бирок, «Атындан айланайын, айылым!» деген жаӊы рубрика ачып, Ала-Тообуздагы ар бир айыл жөнүндө жазып чыгалы деп чечтик. Ал айыл эмне үчүн антип аталып калган, канча түтүн бар, эл эмне менен алек, кандай уруулар жашайт, кандай атактуулар чыккан, деги койчу, өз айылыӊдын тарых-таржымалын жазып, бизге жөнөтүп туруӊуздар. Атасынын көрү, кыргыздын ар бир айылын тааныгандай бололу! Анда эмесе, калеми койкоӊдогондор, чамдагыла!«,- деп жазды эле.

Редакцияга каттар келип, кезекке туруп калды эле. «Биздин айыл качан чыгат?» деп чалгандар канча болду… Анан айрым башка ММКлар ушундай өӊүттө рубрикаларды ачып, айылдарды жазып чыгара башташкан. «Байым, сенин рубрикаӊ уурдалып кетиптир го, айылдарды чыгарып жатышат го»,- десем, ичи кенен байым: «Мейли ой, жакшы болуптур да, журналисттерге жакшы тема таап бериппиз да. Жакшы иш кылып жатышыптыр анда» ,- деп кубанган эле…

«Сайтка уланта бер!» деген эле, эми ушул рубриканы өзү атап кеткен «Алакан» сайтыбыздан улантабыз.

Урматтуу, окурман, айылдарыӊыздардын тарых-таржымалын, жашоосун, жетишкенин-кемчилигин, айтор, бардык тарабынан жазып, айыл кереметин ачкан сүрөттөр менен электрондук почтага (saalnaz@list.ru) жөнөтүӊүздөр. Ар бир айылдын тарыхын биле жүргөн азыркы муунга да, келечекке да жакшы го дейм.

Назира СААЛИЕВА

 

2 thoughts on “Маек — Балапан чыгайын деп калган жумуртканы бышырып салып, таенесин кейишке салган секелек кыз…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.