ЖАПАРОВ: «Кабинеттерге Абдрахманов, Раззаков сыяктуу инсандардын сүрөттөрүн илүү туура деп эсептейм»

ЖАПАРОВ: «Кабинеттерге Абдрахманов, Раззаков сыяктуу инсандардын сүрөттөрүн илүү туура деп эсептейм»
Президент Садыр Жапаров өзүнүн сүрөтүн кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Садыр Нургожоевич эл турмушун жакшыртуу жаатында азырынча эч нерсе жасай электигин айтып, бийликтин бардык органдарына анын портретин кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштаган. Анын ордуна Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чон салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сүрөттөрүн илүү туура деп эсептейт.

Белгилей кетсек, январдын аягында президенттин Оштогу резиденциясынын директору Санжарбек Төлөнбаев Садыр Жапаровдун килемге токулган чоң сүрөтүн кабинетине илип алганы социалдык тармактарда тарап, кызуу талкууга алынган эле. Төлөнбаев ал килем Жапаров абакта жатканда эле колго согулганын айткан болчу.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки нааразылыктар бийлик алмашууга алып келген. Нааразылык акциясы тополоңго айланып, абактагы Садыр Жапаров тарапташтары тарабынан эркиндикке чыккан эле. Ал 2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоого катышып, 80%га жакын шайлоочулардын добушун алып жеӊишке жетишкен. 28-январда Президент катары ант берип, расмий түрдө кызматына киришкен болчу…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.