Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ: «Жаштарыбызды сергек жашоого тарбиялоо — улуу муундун милдети»

Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ: «Жаштарыбызды сергек жашоого тарбиялоо — улуу муундун милдети»

Талас районуна караштуу Манас айылында волейбол боюнча Кушубак Черикчиевдин жаркын элесине арналган турнир болуп өттү. Бул тууралуу Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 10-февралда, билдирди.

Алардын айтымында, турнирге Талас облусунун жана Бишкек шаарынын командалары (20 команда жана оюнчулары 45 жаштан жогорку курактагылардан 10 команда) катышкан.
Мелдеш жыйынтыгында 45 жаштан жогоркулар арасында:
1-орунду — Шекер айылы;
2-орунду — Бакай-Ата айылы;
3-орунду — Манас айылы ээлеген.
Жаштар командасынан:
1-орунду — Үч-Эмчек айылы;
2-орунду — Орто-Арык айылы;
3-4-орундарды — Молдо Асан, Манас, Ак-Сай айылдарынын спорчулары ээлеген.
Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов спортчуларга акчалай колдоо көрсөтүп: «Кушубак Черикчиевдин жаркын элесине арналган турнир 19 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Байге фонду 60 миң сомду түздү. Жаштарыбызды спорттун ар кандай түрүнө шыктандырып, сергек жашоого тарбиялоо — улуу муундун милдети” — деп, бардык катышуучуларга ийгилик каалады.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.