Тоялы БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Спорт милиция үчүн физикалык жактан өзүӊдүн даярдыгыӊды өнүктүрүү деп эсептейм»

Тоялы БЕЙШЕНАЛИЕВ: «Спорт милиция үчүн физикалык жактан өзүӊдүн даярдыгыӊды өнүктүрүү деп эсептейм»

РЕДАКЦИЯДАН: Биздин редакция көптөн бери Ички иштер министрлиги менен кызматташып, «Ар бир адам бир аалам» аттуу рубрика алдында ары кооптуу, ары жооптуу кызматта иштеп жаткан ИИМдин эр-азаматтары, айымдары тууралуу редакцияга жиберген макала-материалдарды сүрөттөрү менен жарыялап келет. 

Бүгүнкү кеп ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы жиберген каарманыбыз Тоялы Бейшеналиев Бейшеналиевич тууралуу болот. Ал өжөрлүгү, күжүрмөндүгү менен спортто көптөгөн ийгиликтерди багындырган милициянын кенже сержанты.

Каарманыбыз 1997-жылы Жалал-Абад облусунун, Чаткал районунун Башкы-Терек айылында туулган. Учурда “Абийир тапса баласы, атасына бак конот” дегендей, чыныгы азаматтын намыс-абийирин милиция менен спортто бекем кармап,  ийгиликтерди жаратып жаткан милициянын кенже сержанты, тагырагы, ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Ош шаарында жайгашкан №3 батальонунун кызматкери. Ушул жылы 31-январда Грепплинг боюнча Ош шаарында  өткөн эл аралык ачык чемпионатта күч сынашып, 86 кг салмакта байгелүү 2-орунду ээлеп, жеӊиштеринин санын дагы бирге көбөйткөн.

Спорттогу алгачкы кадамын ал 16 жашында, Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплексинде эркин күрөш менен машыгуудан баштап, 2016-жылдан тарта Ош шаарындагы “Алыш” спорт комплексинде самбо менен машыгууга өткөн.

Жетишкендиктерин айтсак:

  • 2015-жылы Жалал-Абад облусунун эркин күрөш боюнча ачык чемпионатында 2-орунду;
  • 2016-жылы самбо боюнча Оштун ачык чемпионатында 2-орунду;
  • 2017-жылы Бишкек шаарында болуп өткөн самбо боюнча эл аралык турниринде 3-орунду жана ошол эле жылы Чүйдүн биринчилигинде 1 -орунду;
  • 2018-жылы джиу-джитсу боюнча Азия чемпионатына тандоо турниринде 3-орунду жана ошол эле жылы джиу-джитсу боюнча Кыргызстандын чемпионатында 2-орунду;
  • 2019-жылы самбо боюнча Кыргызстандын чемпионатында 3-орунду;
  • В.Гордеевдин элесине арналган самбо боюнча эл аралык турнирде 3-орунду;
  • Оштун ачык чемпионатында 1-орунду ээлеген.

Спортто мыктылардын катарында келаткан милициянын кенже сержанты Тоялы Бейшеналиев: “Спорт ар бир адам үчүн өз жашоосун жакшы нукка буруу болсо, ал эми милиция кызматкери үчүн  физикалык жактан өзүӊдүн даярдыгыӊды өнүктүрүү” деп эсептейт.

Айтмакчы, каарманыбыздын жогоркудай жетишкендиктерине атасы Молдалиев Бейшеналы менен машыктыруучусу Анарбаев Акжолдун салымы чоң. Алар Тоялы менен бардык турнирлердин алдында мыкты даярдыктарды көрүп, кем-карчын толуктап тийиштүү колдоону көрсөтүп келишет.

Демек, мындай колдоо менен алдыда дагы да көп ийгиликтер болот…

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.