Офицерлер, ардагерлер арасында турнир өтүп, сыйлыктар тапшырылды

Офицерлер, ардагерлер арасында турнир өтүп, сыйлыктар тапшырылды
ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрү арасында футболдук турнир болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда, басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, күзөт кызматынын 55 жылдыгына карата түзүм бөлүмдөрүнүн офицерлери жана ардагерлери арасында футболдук турнир болуп өтүп, ага 9 курама командасы катышкан. Утушка ээ болгон курама командаларга жана мыкты оюнчуларга сыйлыктар тапшырылган.
1-орунду — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмү ээлеп, кубок, 1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
2-орунду — Күзөт кызматынын борбордук аппараты ээлеп, 2-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
3-орунду — Мекемелик милиция полку ээлеп, 3-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды.
Ошондой эле, мыкты коргоочу катары Бишкек шаардык Биринчи май райондук күзөт кызматынын күжүрмөн кызматка даярдоо боюнча инспектору милициянын улук лейтенанты Шаршеев Элдиярга жана мыкты чабуулчу катары Күзөт кызматынын ардагери Шагаев Рахатка атайын сыйлыктар тапшырылды.
Аягында Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Исаков Дамирбек Жолочуевич сыйлык ээлерин куттуктап, «Милицияда кызмат кылуу — бул кылмыштуулук менен гана күрөшүү эмес, жигердүү, сергек жашоо мүнөзү» деп билдирди…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.