Бишкек прокуратурасы парктарды ондоого деген акча кайда кеткенин иликтөөдө

Бишкек прокуратурасы парктарды ондоого деген акча кайда кеткенин иликтөөдө

Бишкекте парктарды реконструкциялоо иштери боюнча тергөө уланууда. Мэрия үч сейил бак үчүн миллион доллардан ашуун каражат сарптаган. Бирок салынган объектилердин көбү эмитеден эле бузула баштады.

Бишкектеги “Жаштар” сейил багынын реконструкциясы эки жылга созулган. Модернизация үчүн 370 миң доллар бөлүнгөн. Жасалма зоока үчүн 26 миң доллар коротулган. Тажрыйбалуу инструктор Бегулан Каримов объектиге жакын жологонго да кеңеш бербейт. Эч кандай шарт жок, зоокага чыгууга бел байлагандар олуттуу жаракат алышы мүмкүн дейт.

Бул арада футбол аянтчасынын да пайдубалы урап жатат. Оргума салынган, бирок паркка келгендер ал жерден суу чыкканын бир жолу да көрүшкөн эмес.

«Эгер бул фонтан болсо, анда мен Англиянын королевасымын. Көрүп турасыңар, суу кете турган трубалар жок. Оргуманын жыты да жыттанбайт. Тамашалап коюшкан: бул кургак фонтан”,– дейт “Шаар парктары” ишканасынын жетекчиси Калича Умралиева.

Бишкектеги үч паркка миллиондон ашык доллар коротулганы менен келтирилген чыгым 90 миң долларга гана бааланган, кызыгыӊ түшкүр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.