ИИМ ислам түшүнүгү, радикалдык диний агымдар боюнча түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүүдө

ИИМ ислам түшүнүгү, радикалдык диний агымдар боюнча түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүүдө

ИИМдин ЭММКАК кызматкерлери салттуу ислам түшүнүгү жана анын радикалдык диний агымдардан айырмасы боюнча түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 17-февралда, билдирди.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы диний экстремизмдин алдын алуу багытында жалпы республика боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана укук коргоо органдарынын катышуусунда лекция, семинар-тренинг, тегерек стол, конференция, жолугушуу жана форумдарды өткөрүүдө. Февраль айында ИИМдин  атайын багыттагы “Шумкар” полкунун өздүк курамына сабак өткөрүлүп, видеотасма көрсөтүлүп, салттуу ислам жана анын радикалдык диний агымдардан айырмасы тууралуу толук маалымат берилди. Өткөрүлүп жаткан мындай сабактар руханий аң-сезимди сый-урматка, толеранттуулукка, маданияттуулукка тарбиялап, экстремизм жана терроризм идеологиясына каршы турууга өбөлгө болмокчу.

Ушундай эле сабактар ИИМдин  атайын багыттагы “Шумкар” полкунун Бишкек шаарында жайгашкан бардык бөлүктөрүндө жана атайын операциялар отряддарында да өткөрүлүүдө.

Буга катар ИИМдин ЭММКАКнын Уюштуруу-методикалык камсыздоо жана теологиялык изилдөө бөлүмүнүн кызматкери Манас Аманбаев Коргоо министрлигинин Өздүк курам менен иштөө боюнча башкармалыгынын республика боюнча аймактык жетекчилерине «Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдар жана алардын өзгөчөлүктөрү, каршы туруу ыкмалары» темасында семинар-тренинг өткөрдү.

Иш-чара жүрүшүндө талкуу болуп, катышуучулар диний экстремизм боюча берген суроолоруна  жоопторду алышты. Коргоо министрлигинин Өздүк курам менен иштөө боюнча башкармалыгынын республика боюнча аймактык жетекчилери диний экстремизмдин алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар аскер кызматкерлерине оң натыйжасын берип жаткандыгын билдиришти.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.