«Кумтөрдү» текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Арасында Акылбек Жапаров бар (тизме)

«Кумтөрдү» текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Арасында Акылбек Жапаров бар (тизме)

Бүгүн, 17-февралда, Жогорку Кеңеште «Кумтөр» алтын кенинин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссия курамына 12 депутат кирди:

КСДП фракциясынан:

1. Өмүрбек Бакиров;

2. Айнуру Алтыбаева;

3. Рыскелди Момбеков;

4. Саматбек Ибраев.

«Республика – Ата Журт» фракциясынан:

5. Үмбөталы Кыдыралиев;

6. Абдыбек Дүйшалиев;

7. Закир Шарапов.

«Кыргызстан» фракциясынан:

8. Урматбек Самаев;

9. Замирбек Эсенаманов;

«Өнүгүү Прогресс» фракциясынан:

10. Ныязбек Арзыбаев;

«Бир Бол» фракциясынан:

11. Акылбек Жапаров.

«Ата Мекен» фракциясынан:

12. Каныбек Иманалиев.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Кумтөр» — бул кыргыздын шору»

Мындан эки жыл мурун, Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүн дагы узартуу тууралуу макулдашуу болгонун аталган компаниянын басма сөз кызматы 2018-жылы 20-июлда ММКларга билдирген. Айтымында, келишимге эки тарап 2017-жылы 11-сентябрда кол койгон. Ал келишимге андагы премьер-министр Сапар Исаков кол койгондугу, аны кийинки келген премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиев да узартып жаткандыгы парламентте айтылган. Ошондо “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, депутаттык комиссия курамына кирген Каныбек Иманалиев: «Өткөн Өкмөттүн кемчилигин кайталабаңыз! “Кумтөр» бул кыргыздын шору, Гиннес китебине кире турган афера» деп сыпаттаган эле…

Барскоондон башталган окуя… Чечилбей келаткан цианид чуусу…

Дегеле «Кумтөр» маселесинин парламентте көтөрүлүп келатканына көп жыл болду, бирок, чечкиндүү чечим алигүнчө боло элек. Балээнин башы дегендей, бардыгы Барскоондон башталган эле…

Эсиӊиздерде болсо, 1998-жылы «Кумтөр» компаниясынын оор жүк машинеси аварияга учурап, 1740 килограмм цианид Барскоон дарыясына төгүлгөн. Анда адамдардын көбү хлорциан менен ууланганын ушул убакка чейин доогерлер (анын бири Эркингүл Иманкожоева) какшап айтып келатышат. Алардын айтымында, Ысык-Көл облусунда бир канча адам ууланган, 15 жылда 17 000 киши медициналык жардам алып, 12си каза болуп калган.

Цианид чуусуна байланыштуу Ысык-Көл облусунун тургундары (17 доогер) 2020-жылы августта Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылган. Сот доогерлердин арызын канаттандырып, «Кумтөр» алтын кен компаниясын 400 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. Компания болсо, аларга коюлган доо негизсиз деп, доогерлерге келтирилген зыян буга чейин төлөнүп берилгенин айтып Жогорку сотко даттанган. «Кумтөр» алтын кен компаниясынын цианид чуусуна байланыштуу кассациялык арызын Жогорку сот быйыл 19-январда карап, Бишкек шаардык жана Октябрь райондук сотторунун буга чейинки чечимдерин күчүндө калтырган.

Сырдуу, табышмактуу «Кумтөр» алтын кениндеги келишим…

Чубактын кунундай чубалган «Кумтөр» алтын кенинин чыры, “ыры”, келишпестик дале чечилбей келет. Бул сырдуу да, чырдуу да маселе тээ Аскар Акаевдин бийлигинен бери эле келатат. Кыргызстанда «Кумтөрдү» иштеткен “Кумтөр голд компани” жана “Кумтөр оперейтинг компани” ишканаларына байланыштуу соттук териштирүү 2012-2013-жылдары эле башталган. Экотехинспекция 4 доо менен: “кенден чыккан калдыктар муздун үстүнө ташталган”; “жер катмары бузулган”; “эсепке алынбаган уу заттар калдык сактоочу жайларга төгүлгөн” жана “суу үчүн акы төлөнгөн эмес” деп сотко кайрылган. Сот да улам жылып отуруп, 2016-жылдын май, июнь айларында Бишкектин райондук соту бул өтүнүчтөрдү канааттандырган. “Центерра” «кыргыз өкмөтүнүн дооматтарын негизсиз» деп, Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын жарыялаган. 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлгандан бери “Центерра” да эл аралык арбитраждагы териштирүүнү улам кийинкиге жылдырып келди…

А чындыгында «Центерра Голд» компаниясы кайсы Өкмөт келбесин, аны менен тез тил табышып келишимди узартып келатышканы ачуу чындык. Тилекке каршы, бир дагы премьер-министр же президент муну ачык айткан эмес жана айтпайт деле…

Жеңиш СЕЙДАЛИЕВ: «Кумтөр» кайсы убакка чейин иштей турганы белгисиз»

Былтыр 16-декабрда «Кыргызалтындын» Тышкы экономикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Сейдалиев «Кумтөр» боюнча «Азаттыкка» мындай деп маалымат берген: «Кумтөр» кайсы убакка чейин иштей турганы белгисиз. Ал боюнча «Центерра» менен «Кумтөр Голд» менен да сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Алар чалгындоо иштерин жүргүзүп жатышат. 2026-жылга чейин иштеп турса, балким анын иш мөөнөтү 2030-2031-жылга чейин узарышы ыктымал. Ага биз аракет кылып жатабыз».

Ал эми «Центерра Голд Инк» компаниясынын айтымында, алар 2026-жылга чейин алтын казууну токтотпойт. Себеби, алар бул маселе тууралуу расмий сайтына жайгаштырган. Анда «Кумтөр Голд Компани» 2021-жылы 515 миң унций, 2022-жылы 605 миң унций, 2023-жылы 375 миң унций, 2024-жылы 200 миң унций, 2025-жылы 105 миң унций жана 2026-жылы 85 миң унций алтын өндүрүүнү пландаганы жазылган. Кыскасы, 6 жылда 1 млн. 885 миң унций (53 тонна алтын) алынмакчы.

Садыр ЖАПАРОВ: «Кумтөрдө» алтын түгөнүп калган»

Мындай маалыматты президент Садыр Жапаров, болжолдошубузда, бийликке келгенче билбесе керек. Себеби, ал «Кумтөрдү» толугу менен мамлекетке өткөрүүнү бийликке келгенче талап кылып келаткан болчу. Ал 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялардан кийинки бийлик алмашууда премьер-министр, кийин президенттин милдетин да кошо аткарып калган. Журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөндө, кесиптештер да, ага чейин андагы ЖК депутаты, азыркы спикер Талантбек Мамытов да «Кумтөр» тууралуу сураган. Анда ал «Кумтөрдө» алтын дээрлик түгөнүп калганын, аны мамлекетке кайтарып алуунун зарылдыгы жок экенин айткан.

Ак-Шыйрактагы алтын кени…

Кыргызстандагы алтын кендеринин эң ириси – «Кумтөр». Ал Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан. Анда учурунда алтындын 396 тоннадай кору бар деп эсептелген. 1997-жылдан 2018-жылга чейин 345 тоннадай, 2019-жылы, бир жыл ичинде 534,563 унций же 16 тоннадай алтын казылганы айтылган.

«Кумтөр» алтын кенинен кийинки сапта «Макмал», «Жерүй», «Талды-Булак», «Иштанберди», «Солтон-Сары» турат. Мындан башка дагы кендерибиз бар. Бирок, бардыгын чет өлкөлүк компаниялар иштетет… Ошондон, анык кожоюндары көп ачыкка чыкпай, лицензия алуу, берүү, кендердин туура иштетилиши, бизге пайданын чегерелиши ж.б. көйгөйлөр дале көмүскөдө калып келет… Балким ачыкка чыгабы…деп буга чейин ар кыл канча комиссия түзүлдү, он экиси эмнени кыйратып жиберет, аны да убакыт көрсөтөр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.