ВИДЕО — «Маку» аттуу жарандын үйүнүн чатырынан «Тигр» үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылды

ВИДЕО — «Маку» аттуу жарандын үйүнүн чатырынан «Тигр» үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылды

«Арсенал» комплекстүү иш-чарасынын жыйынтыгы чыгарылып, бир ай ичинде Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталып жүргөн 100дөн ашык ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы бүгүн, 22-февралда, билдирди.

Алардын айтымында, аталган иш-чара курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүүдөн алып салууга, ок атуучу куралдар менен байланышкан кылмыштардын алдын алууга багытталган. Ага 700дөн ашык милиция кызматкери, коомчулуктан 150гө жакын өкүл катышкан. Натыйжада, мыйзамсыз сакталган 110 ок атуучу курал алынып, курал-жаракты сактоо, каттоо мөөнөтүн бузгандарга 51 миӊ сом айып пул салынган.

Ысык-Көл ОИИБ башчысынын орун басары Акылбек Бекишевдин айтымында, бир айдын жүрүшүндө милицияга «Жети-Өгүз районунун аймагында «Маку» аттуу жаран үйүндө мыйзамсыз снайпердик мылтыкты сактап жүрөт» деген маалымат келип түшкөн. Мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөн адамдын өздүгү аныкталып, ал Саруу айылынын 43 жаштагы тургуну А.М. болуп чыккан.  Анын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндө, үйүнүн чатырына катып койгон «Тигр» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал оптикасы менен табылган.

Бул факт каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ошондой эле мурда катталган 61 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 4 кылмышкер колго түшүрүлүп, баӊгизат менен байланышкан 12 кылмыш аныкталган жана ок атуучу куралдар кайсыл жерден чыкканын аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалган.

«Бир айдын жүрүшүндө милиция кызматкерлерине 100гө жакын жаран өз ыктыяры менен ата-энесинен же туугандарынан катталбай калып калган ок атуучу куралдарды өткөрүп беришкен. Тиешелүү экспертизаларды жүргүзгөндөн кийин, эгерде бул куралдар ар кандай укук бузууларда байкалбаса, анда алар өз ыктыяры менен куралдарды тапшырган жарандарга кайрадан катталат”, — дейт Акылбек Бекишев.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.