Маек — Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Садыр Жапаровду азыр сындоого али эрте. Ага коррупциялашкан күчтөр бут тосууда…»

Маек — Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Садыр Жапаровду азыр сындоого али эрте. Ага коррупциялашкан күчтөр бут тосууда…»

Билим берүүнүн отличниги, профессор, экс-депутат Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич премьер-министр Улукбек Мариповдун социалдык маселелер, саламаттык сактоо, билим берүү, дин, спорт жана башка маселелер боюнча кеңешчиси болуп 15-февралда дайындалган. Профессор менен кызматы, премьер-министр, президент тууралуу учкай маек курдук. Маегибиз бүгүнкү майрамга туш болгон экен, суроо ушундан башталды.

— Каныбек Осмоналиевич, майрамыӊыз менен. Бул күн сиз үчүн кандай күн, майрамдык элеби?

— 23-февраль майрамы мен үчүн Мекенди коргоочулардын күнү катары гана сезилет. Жаш кезден бери эле ушундай түшүнүнүгүм бар. Чыныгы эркектер АтаМекени үчүн жан аябай кызмат кылуусу абзел!

— Жаӊы кызматыӊыз кут болсун! Бул кызматты кандай кабыл алдыӊыз?

— Куттуктооңорго рахмат! Ооба, мен бүгүн премьер-министрдин социалдык багыттагы кеңешчисимин. Мен бул кызматты абдан жооптуу деп кабыл алдым, ушул сезим менен иштеп беребиз.

— Социалдык багытка дин маселеси да кирет эмеспи. Муфтийди шайлоо да талашты жаратып келет. Бул маселе боюнча оюӊуз кандай?

— Динге өтө аяр мамиле кылуу керек. Тилекке каршы, кээ бир чиновниктер муну жеңил ойлуулук менен үстүртөн эле карап коюп жатышкандай. Же дагы бир башка себептери барбы, аны чыны билбейм. Аягында президентибизди дагы эл алдына чыгып түшүндүрмө берип коюуга мажбур кылышты. Бизге диндин түпкүрлүү баалуулуктары гана керек. Акчанын артынан түшкөндөр уят болушту. Муфтиятка таза, чынчыл, билимдүү аалым гана башчы болуп келүүсү абзел! Биз Кыргызстанда ислам интеллигенциясын түптөөбүз зарыл!

— Бийликте да чыныгы интеллигенцияны түптөө татаал болууда. Улукбек Мариповдун кызматка келишине президенттин тиешеси бар дешүүдө… Садыр Нуркожоевич кадр тандоодон жаӊылып жаткандай… Буга сиздин оюӊуз кандай?

— Ооба, премьер-министрди президент өзү тандап алды десек болот. Анткени, бул кызматка бир нече талапкер сунуш кылынып жаткан. Мыктысы премьер болду десек жарашат! Албетте, кадр тандоо кыйын болуп жатат. Анткени, биз бул маанилүү милдетти учурунда колдон чыгарып жиберген экенбиз. Президент менен премьер мындай абалды туура түшүнүшүп, жаңы жана татыктуу кадрларды тынымсыз издеп жатышкандай. Сабыр кылып күтө туралы!

— Ушул өкмөт башчыбызды «премьер-министрликке татыксыз, коррупционер» деп көпчүлүк жактырбагандай болгон эле, ошентсе да кызматка келди. Сиз бир нече талапкерден мыктысы тандалды деп жатасыз, мындай баа берүү эрте эмеспи?

— Мен Улукбек мырзаны жаш кезинен эле билем. Берекелүү Ноокаттын эң алдыңкы атуулдарынын бири катары баалайм. Ата-теги дагы мыкты инсандар. Албетте, премьер-министрлик кызматка татыктуу! Жаш болсо дагы зарыл болгон бардык иерархиялык тепкичтерди басып өттү. Артынан жаман сөз ээрчиткен жок! Эми, биз, кыргыздар, өтө эле сынчы болуп албадыкпы? Билип-билбей эле каралап жатып калабыз. Ниетибизди оңдоп адилет бололучу, өлкө ансыз деле оор абалда турат.

— Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров да катуу сындалып жатат. Президент кандай иштеп жатат деген ойдосуз?

— Садыр Жапаровду азыр сындоого али эрте. Мен бул инсанга ишенем. Анын өз элине болгон сүйүүсү чексиз. Мурдагы коррупциялашкан күчтөр жан талашып бут тосууда. Бирок, бул убактылуу эле көрүнүш. Жаңы Конституция кабыл алынып, темирдей тартип орноп, кадр маселеси сапаттуу чечилет деп ишенем!

— Соӊку суроо: Садыр Жапаровду колдоп чыгам деп бир кезде соттолдуӊуз эле. Бул иш кандай болууда, толук акталдыӊызбы же маселе барбы?

— Мен азыр толук акталдым. Анткени, мага кылмыш иши жасалма жол менен эле ачылган болчу. Мени мурдагы бийликчилдер он жылдан бери эле акмалап, куугунтуктап келишкен. Эртеби-кечпи камайбыз деп жүрүшчү. Чындык менен таза жүргөн саясатчынын тагдыры ошондой болот. Садыр Жапаровду ачык колдогонум аларга жөн эле шылтоо болгон. Кудай бар экен, эми баары адилет жагына ооду!

Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.