Бишкекте уурдалган кыздын сөөгү талаадан табылды. Окуянын чоо-жайы…

Бишкекте уурдалган кыздын сөөгү талаадан табылды. Окуянын чоо-жайы…

Чуй облусундагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосундагы талаадан эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 7-апрелде, билдирди.

Алардын айтымында, 7-апрелде, саат 14:30 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жогорудагы айылдардын ортосундагы талаада токтоп турган унаа ичинде эки адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя тууралуу кабарлаган адам ал унааны бир-эки күн мурун эле көргөн, алгач баткакка тыгылып калган го деп элес алган эмес, 7-апрель күнү гана жакындан карап көрүүнү чечкен. Милиция кызматкерлери талаада табылган унаанын ичинен 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркек адамдын жансыз денесин табышкан. Кыз кыйноо, зомбулуктан улам, ал эми бала (болжолу шектүү) бычак жеп каза болгон. Бул окуя боюнча тергөө иштери башталып, тиешелүү соттук медициналык экспертизалар дайындалды. Баштапкы маалымат боюнча, экөөнүн ортосунда чыр чыгып, шектүү кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө өзү бычак сайган.

Баштапкы тергөө материалдары боюнча, 27 жаштагы кызды үч белгисиз адам «Honda Civic» үлгүсүндөгү автоунаага салып белгисиз тарапка алып кеткен. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси (“Адамды никеге туруу максатында уурдоо”) боюнча катталып, териштирүү, иликтөө, тактоо иштери жүрүп жаткан. Эми бейкүнөө кыздын өлүмүнөн кийин кылмыш иши козголчу берене кыйла оорлочудай…

Кыз уурдалган күн…

Буга чейин социалдык тармактарда үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасмадан бул кылмышка шектүүлөрдүн экөөсү кызды салган кызгылт түстөгү унаага, дагы бири четкерээк токтоп турган, төбөсүндө такси деген шашкасы бар унаага отурганын көрүүгө болот. Бул окуя Бишкектин Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде болгондугу, белгисиз адамдар кызды белгисиз тарапка уурдап салып кеткендиги тууралуу маалымат милицияга 5-апрелде, таңкы саат 7:30 чамасында келип түшкөн.

Айзаданын агасынын айтканын берген «24.kg» маалыматы боюнча, Айзада акыркы жолу байланышка 5-апрель күнү кечки 18:00дө чыккан. Ал анда бардыгы жакшы экенин айткандан кийин анын телефонун кимдир бирөөлөр тартып алып койгондугу угулган. Айзаданы алып кеткен унаа кийин Сосновка тараптагы видеокөзөмөлгө да түшүп, ошол бойдон жок болгон. Кыздын жакындарынын айтымында, кызды уурдагандардын бири Айзаданын тынчын көптөн бери алып жүргөн. Кыздын туугандары азыр, кызы жоголгондон кийин апасы милицияга арыз жазса да, Айзаданы издөө үчүн тыӊгылыктуу чаралар көрүлгөн жок деп милицияга нааразы…

Айзада Канатбекованын аянычтуу өлүмү Бурулайдын кейиштүү өлүмүн да кайрадан козгоду… Учурда жарандык активисттер ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын өлүмүнөн кийин ички иштер министринин иштен кетишин талап кылышууда. «Кызды уурдагандар да, аны салып кеткен машине да видеого түшүп калган, анан аларды 2 күн бою таба алышпаса, ыкчам чара көрүлбөсө, камераларды орнотуп эмне кылышат? «Коопсуз шаар» айдоочулардан айыппул чогултуш үчүн эле иштеп жатабы?» деп суроо салган алар эртең, 8-апрелде саат 12:00дө ИИМ имаратынын алдына тынчтык митингине чыкмакчы болуп жатышат…

Соӊку такталган маалымат боюнча, Айзаданы күчтөп унаага салып кеткен шектүүлөрдүн бири 1992-жылы туулган Р.А. Криминалдык милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тасмага түшүп калган эки адам боюнча дагы маалыматтар такталып, аларды кармоо иш-чаралары колго алыныптыр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.