Турдубек уулу САДЫРБЕК: «Эрнис агамдын «Каалгасынан» турмушта пайдаланчу үлгүлөрдү алып жатам»

Турдубек уулу САДЫРБЕК: «Эрнис агамдын «Каалгасынан» турмушта пайдаланчу үлгүлөрдү алып жатам»

Жакында эле белгилүү журналист, жазуучу, котормочу, философ, акын Эрнис Асек уулунун «КААЛГА» аттуу ыр китеби жарык көрдү. Ал «Сонун го», «Нуска»  китеп дүкөндөрүнүн текчесинен орун алды.

«Каалга» китеби тууралуу жаштардын пикирин билүү максатта алгач төкмө жана жазмакер акын Турдубек уулу Садырбекке кайрылып, мындай жооп алдык:

Дүйнө жүзүндө жети миллиарддан ашуун адам жашаары белгилүү. Биз, адамдар, жашообузда болжол менен болгону эки, үч миң адамды гана таанысак керек. Эми Эрнис байкебиз тууралуу сөз кылсам, менин жашоомдогу алгачкы 100 адамдын ичине кирди. Эң өкүнүчтүүсү, тирүүсүндө эмес, өмүрү өткөн соң. Көрсө, экинчи өмүрү болгон өнөрү менен жашаган инсан тура.

Жакында жарык көргөн «Каалга» китебин колго алганы жаңы дүйнө ачтым. Бир адамдын жашоо образын таанып, турмушта пайдаланчу үлгүлөрүн алып жатам. Эми, чыгармачылыгына адабият тили менен пикир айтуу же илимий изилдөө кылууга учур келди. Жакынкы күндөрдө биз дагы бир жакшы макала жазууга белсенип турабыз. Калган сөз ошондо болсун!

«Сонун ГОнун» сонун жигити

Коомчулукка төкмө жана жазмакер акын катары таанылган Турдубек уулу Садырбек уулу тууралуу учкай айта кетсек, ал 1994-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу 1-Май айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ж. Баласагын атындагы улуттук университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган.

Бир катар кароо сынактарда алдыңкы орундарга чыгып, ийгиликтерге жетишкен. «ПоэзийАнт», “Ыракета”  ыр жыйнактарынын автору. Эл аралык “Нур-Борбор” чыгармачылык академиясынын жана Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Учурда «Сонун го» басма үйүндө жана китеп дүкөнүндө эмгектенет. Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. «Сонун го» китеп дүкөнү Бишкек шаарындагы Чүй проспектисинде,  Исхак Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерде жайгашкан. Аталышы айтып тургандай, бул жерде пайдалуу, сонун китептер бар. Атактуу акын, жазуучулардын китебинин катарын «Каалга» да толуктады. Буйруса, поэзия күйөрмандарын кайдыгер калтырбайт деген ишенимдебиз!

2 thoughts on “Турдубек уулу САДЫРБЕК: «Эрнис агамдын «Каалгасынан» турмушта пайдаланчу үлгүлөрдү алып жатам»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.