ВИДЕО — Карбалас БАКИРОВ: «Эрнистин «Каалгасында» жан дүйнөсүндө жүргөн бороон бар»

ВИДЕО — Карбалас БАКИРОВ: «Эрнистин «Каалгасында» жан дүйнөсүндө жүргөн бороон бар»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Мыкты котормочу, акын, журналист, жазуучу, философ, гений Эрнис АСЕК уулунун дүйнө салып кеткенине 1 жыл 4 ай 18 күн болду… 

“Артыңда эстей жүргөн кишиң, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Эрнис АСЕК уулун жылы бою эмгеги менен эскерген адамдар оголе көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилүүдө… Мелис байкебиздин көзү өткөнүнө (2011-жылы, 15-сентябрда каза болгон) быйыл 10 жыл болот.

Эки гений ага-инини эскерген жакшы адамдар көп болууда, жаркын элестерине арналган ырлар жаралууда. Редакцияга келген эскерүүлөрдү, жакшы адамдардын жардамы менен ишке ашкан 25-апрелдеги эскерүүнү күнүгө берип турабыз.

Ошондогу эскерүүнү убагында чагылдырып берген, эскерүүдөн кийин да Маданият бөлүмүнө Кыргыз Эл акыны Карбалас Бакировду, Жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбековду, белгилүү карикатурист, сатирик Төлөгөн Карыкеевди, бир тууган жеӊеси Асел Эшимканованы, жубайы Назира Саалиеваны чакырып Эрнис АСЕК уулун эскерген ЭлТР телеканалына, кесиптештерге, эскерүүгө келип маркумду эскерип, «Каалга» китебиндеги ырларынан окуп берген залкар инсандарга тереӊ ыраазычылык билдиребиз.

Карбалас БАКИРОВ:  «»Каалгадан» түшкөн нур…»

— «Агым» гезитине Эрнис Дантенин (Алигерьи, италиялык акын, ойчул — авт.) «Божественная комедияны» которду» деген маалымат чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин Дантенин котормолорун которгон кыргыз акындары болгон эмес эле деп мен тангалдым. Себеби, ал китеп 15333 саптан турат. Таӊгалып Эрнистин өзүнөн сурасам,  «баштадым» деп айтты. «Ушуну которгондон кийин, бир бөлүмүн мага көргөзүп койсоӊ жакшы  жакшы болот эле» деп кызыктым.

Эрнистин ыр жазып жүргөнүн буга чейин билчүмүн, Данте жөнүндө да ырлары бар экен. «Каалга» китебиндеги ырларын окуп чынында таӊгалдым, интеллектуал, мурда айтылып жүргөн ашмалтайын чыкпаган жаӊы ойлорду алып келген ыр китеп болуптур, Аталышы айтып тургандай, жаӊы поэзиянын каалгасынын ачылышы деп түшүндүм. «Каалгадан» түшкөн нур. Эрнистин ырларында жан дүйнөсүндө жүргөн бороон бар. Акындын арманы, жеке турмушуна тийгизген таасири камтылган. «Каалганы» жөн окуп кете албайсыӊ да. Поэзия деген ушундай болуш керек. Бул жөнүндө ойлор дагы алдыда, биздин «Эркин Тоо» гезитибизге дагы ойлорду айтып, пикиримди билдирем.

Келиндей
Бүгүн турмуш боюнда бар келиндей
Нечен кылым ымыркайын көтөргөн.
Аң-сезимдер байып кеткен желиндей…
Арсыз жаштык арсыз ойго бөлөнгөн.

Какыраган сайдай болуп көөдөнүм,
Таазим кылчу бүгүн менде жок пирим.
Кайнап турса турмуш Улуу Казанда,
Китеп текче болуп өттү жан-дилим.

«Оку» дешти, «Чоку» дешти баарысын,
«Элди тааны, жерди тааны! Түшүнгүн!»
Түкүрүктөй калып эми кум соргон,
Түк эч нерсе билбесимди түшүндүм.

Балалык не? Чуркап өттү чендейип,
Чаң жол менен жылаңайлак тепилдеп.
«Аттиң!» деген арман тирейт асманды,
Аттиң, мезгил, качан бизге жеңилмек?

Анан эмне? Данте болуп Вергилийди ээрчиген,
Турмуш жолун кеттим ээрчип артынан.
Алым-сабак алдым бекен? Ким билет?
Айтып аны олтуруудан тартынам.

Тарбиясын көрбөй калып атанын,
Атакемди атап канча жоктодум.
Апакемдин көрүп көлдөй көз жашын,
Бул дүйнөнү канча жолу боктодум?

Анан колго тийип калем, ак барак,
Анан арман армандыгын далилдеп,
Көкүрөккө суук колун матырып,
«Көп нерсени биле элексиң али» деп,

Үшкүрүнтүп азиз кемпир сыяктуу,
Үшкүрүнтүп үмүттөргө үшүгөн…
Бүкүл жуткан кечээкини, эртеңди
«Бүгүн» деген сөзгө качан түшүнөм?

Бүгүн Чындык дыр жылаңач, кайгылуу,
Бүгүн заман бары-жогун закымдайт.
Билбейм, билбейм, бир билгеним ушулдур:
Биз дүйнөнү, дүйнө бизди такымдайт.

Чамгарактайм, чебеленем, чарк урам,
Пикассонун сүрөтүндөй чачылам.
Алсыздыктын, арманымдын астында
Актай дептер барагындай ачылам.

Койнумдагы колуктумду кучактап,
Колумдагы наристемди өбөмүн.
Бирок дале төбөдөгү асмандан
Ыйлап жаткан жалгыз көздү көрөмүн.

Адам неге бул жалганга жаралып,
Аалам неге ак-карага бөлүнгөн?..
Кайдан келет кан какшаткан соболдор
Сальвадордун мурутундай көрүнгөн?

Түшүнбөймүн… Түйүлдүктө жаткансыйт
Эңсеп жүргөн Эркиндигим дилдеги.
Билбейм, билбейм, бир билгеним ушулдур:
Биз дүйнөнү, дүйнө бизди билбеди…

Арсыз жаштык арсыз ойго бөлөнгөн,
Аң-сезимдер байып кеткен желиндей.
Нечен кылым ымыркайын көтөргөн
Бүгүн турмуш боюнда бар келиндей…

Эрнис АСЕК уулу, 1993-жыл

«КААЛГА» китебинен…

 

One thought on “ВИДЕО — Карбалас БАКИРОВ: «Эрнистин «Каалгасында» жан дүйнөсүндө жүргөн бороон бар»

  1. Абдан,улук ,абдан зээндуу киши эле,жазган чыгармалары,адамдын жашоого болгон коз карашын байытып,жан дуйнонду ойготуп,не бир кол жеткис бийиктике жетелейт.
    Эмне дейбиз жаткан жери жайлуу,топурагы майлуу,ыйманы салават болсун

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.