МАЕК — Эстебес ТУРСУНАЛИЕВ: «Аял акындын бөксө жерин толуктап, шарт түзүп бербесе, жакшы чыгарма чыкпайт»

МАЕК — Эстебес ТУРСУНАЛИЕВ: «Аял акындын бөксө жерин толуктап, шарт түзүп бербесе, жакшы чыгарма чыкпайт»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: СССРдин эл артисти, Кыргыз эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Ал 1931-жылы 5-майда Таластын Манас районундагы Кара-Арча (Арал) айылында чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн. 9 жашында комуз чертип, 12 жашында элдик ырларды ырдап баштаган. «Андалек» ырын 14 жашында жазган. Улуттук филармонияда 60 жылдан ашуун эмгектенген. Ал жерде “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобун негиздеп, бир топ таланттуу адамдарды тарбиялап чыгарган.
«Акындын үнү», «Айтыштар», «Заман жарчысы», «Эскерүүлөр», «Ыр өмүрүм”, «Кайыңды» аттуу китептери жарыкка чыккан.2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында каза болгон.

Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган иш-чаралар башталды. Кечээ, 20-июнда, төкмө акындардын айтышы Улуттук филармонияда болуп өттү.

Биз да архивди аӊтарып, Эстекебиздин 2005-жылы үй-бүлөсү, ата-энеси тууралуу айтып берген маегин таап алдык…

Архивден…

Аралдын «Андалеги»…

«Бишкек таймс» гезитинин ээси, редакторубуз акын Нуралы Капаров «Эстебес Турсуналиевден үй-бүлөсү тууралуу интервью алып кел» деп калды. Кыш мезгилинин февраль айы. Кечке маал үйүнө барсам, эшикти өзү ачты. Журналист экенимди угуп, «Эс албайсыӊарбы, ыя? Ысык чай ичип, жылынып ал дагы эртеӊ күндүз кел э» деп ашканасын көздөй басты. «Жок, бүгүн эле интервью берсеӊиз, эртеӊкиге калса редактор жумуштан кетирип салат» десем, «а кокуй десе, жумушсуз калба!» деп макул болду. «Жубайым Райгүл Деркембаева. 1958-жылы баш кошконбуз. Алты уул, эки кыз, 14 небере, бир чөбөрөбүз бар» деп калды.  

— Эстебес агай, таластык экениӊизди жакшы билебиз, бирок сизди «менин айылыман болот» деп талашкандар көп…

— Биздин айыл мурда Арал, Чеч-Дөбө колхозу деп аталган, кийин Кайыӊды совхозу деп аталып калды.

— Канча бир туугансыз?

— Эки. Сыйнат деген эжем бар.

— Ата-энеӊиз, балалыгыӊыз тууралуу айтып берсеӊиз?

— Атам Турсуналы айылда тегирменчи болуп эмгектенген. Комузду мыкты чертчү. Каерде болбосун, комузун кошо ала жүрчү. Мени дайыма жанына ээрчитип жүрөр эле. Ошондон улам, мен да комузга кызыгуу сезими пайда боло баштады. Ошентип 9 жашыман комуз черткенди үйрөндүм. Атам кубанып-кубаттап жүргөн кезде армияга чакырылып калды. 1942-жылы жөнөп кетип, ошол бойдон кайтып келген жок. Анда мен 11 жашта элем. Апам да, биз да атамдан эрте айрылып, өтө жаш калдык. Апам Арпаян ата ордуна ата, апа ордуна апа болуп, бизди ушундай даражага жеткирди. Айылга концерт коюп барган артисттер менен тааныштырып, алардын өнөрүнө көӊүл бурдуруп, сахна деген эмне экенин түшүндүрүп, концерттен калтырчу эмес. Өзү да көп кырдуу таланттуу адам эле. Колунан көөрү төгүлгөн уз, саймачы, сөзмөр , кошокчу, төкмө ырчы болгон. Айылда кадыр-барктуу адам эле

— Канча жашыӊызда ыр чыгардыӊыз?

-12 жашымда элдик ырларды ырдап жүрдүм. 14 жашымда «Андалек» деген ыр чыгардым. Аны комуздун коштоосу менен каерде болбосун ырдай берчүмүн. Айылдагыларга жагып, мени атыман айтпай, «Андалек» деп атап калышкан.

— А устатыӊыз ким болгон?

— СССРдин эл артисти, төкмө акын, депутат болуп иштеген Алымкул Үсөнбаев (Замирбек Үсөнбаевдин атасы — ред.) аксакал менин устатым болгон. Аксакал шаарда иштечү, бир күнү айылга отпускага келип калды. Апам мени ээрчитп барып тааныштырды. Филармонияга алы пкелген, атак-данкка ээ кылган оол киши болду.

— Кайсы жылы келдиӊиз эле?

— 1946-жылы олимпиадалык кароо болуп калып, Талас обусунан 30га жакын балдар келдик. Анда мен 16 жашта элем. Өзүмдүн «Андалек» деген ырым менен сахнага чыктым. Алымкул аксакал филармонияда иштечү. «Мектепти бүткөн соӊ кел» деди. 1947-жылы филармонияга келдим. Алымкул, Осмонкул, Саякбай, Калык жана башка дагы көптөгөн манасчылар, акындардын алдында сыноодон өткөрдү. Аларга жагып, ошондон бери өнөрүмдү өркүндөтүп, филармония иштеп келатканыма 58 жыл болду, өзүм болсо 73 жашка келдим.

— «Эл ырчылары Эстебес тобу» деп кайсы жылы ачтыӊыз эле?

— 1992-жылы ачкам. Топто жубайым Райгүл, эмгек сиӊирген артист Нуржамал Табалдиева, Токтобүбү Черикчиева, Малик Аликеев, Амантай Кутманалиев, Гүлгаакы Сагындыкова деген эл оозуна алынып калган артисттер бар. Роза Аманова, Сыймык Бейшекеев экөө менин колумда иштеп кеткен.

— Филармонияга эмгегиӊиз сиӊип калыптыр, кандай наамдарга ээ болдуӊуз?

— 1958-жылы Москвага экинчи декадага барып «Ардак белгиси» деген орден менен сыйлангам. 1964-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиӊирген артисти, 1972-жыл Кыргыз ССРинин эл артисти наамын алгам. 1968-жылдын бери Жазуучулар союзунун мүчөсүмүн. 8 китебим чыкты. Жыйырмадан ашык чет мамлекетте болдум.

— Райгүл эже менен алгач каерден тааныштыӊыз эле?

— 1957-жылы Нарын облусунан Райгүл Деркембаева «Гүлкайыр» аттуу ыр менен филармонияга келип ырдаганда таӊшыган үнү, жаркыраган өӊ-келбети далай жигиттердин көӊүлүн бурган. «Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үчүнчү көргөн — сүйүш» дегендей, биринчи көргөндө аты-жөнүн билдим, экинчи көргөндө чогуу бир топто иштеп калып, тааныштым. Үйлөнгөндө сүйдүм. Себеби, Рая менин чыгармачылыгымды кош колдоп, кубаттап келатат. Жаркылдаган уул-кыздарды төрөп берди. Аларды түн уйкудан калып, ак сүтүн берип, эрезеге жеткирди. Мына, Кудайга шүгүр, келиндүү болуп, алардын ысык чайын ичип, небере-чөбөрөлөрдүн сөздөрүнө күлүп, төрдө отурган кезибиз. Кудай ушуну кут кылсын.

— Жаӊы келин болгондо тамакты кандай жасачу эле?

— Айтылуу акын Байдылда Сарногоев: «Жалаӊ этти бөрү жейт» деп айтчу эле. Анынсыӊарындай, нарындыктар этти жакшы жешет да. А биз болсо камырды көбүрөөк жейбиз да. Баягы тамаша иретинде: «Сексени камыр, сегизи эт, себелеткен таластык, кайран этти камырга тебелеткен таластык» деп айтып жүрүшпөйбү. Ушул жагынан экөөбүздүн көз караш эки башка эле башында. Кийин камыр тамакты көбүрөөк жасап үйрөндү. Эӊ жакшы кылган тамагы «Бешбармак». Азыр келин-кыздар тамактын түрүн жасап, эжеӊердин колу узатып калган кези. Ошентсе да , алар жокто бардык тамакты даамдуу кылып, арыдан-бери жасай салат.

— Мүнөзү кандай?

— Эжеӊердин мүнөзү жаккан үчүн жар кылып алгам да. «Алтындай мүнөзгө ээ болуу үчүн темирдей чыдамдуулук керек» дегендей, өмүрү жинденип, кыйкырып, жаакташкан жан эмес. Бекеринен «вазир жакшы — хан жакшы, аял жакшы -эр жакшы» деп айтылбайт да. Негизи эркектин жамандыгын жашырып, жакшылыгын ашырып турган аялзаты да. Акылы жок аялын мактайт болбосун, чынында аялдар саяпкер болбосо, акындын бөксө жерин толуктап турбаса, кабагы бүркөлгөндө аны ачпаса, кайгырганда күлдүрбөсө, анда акындан кандай ыр чыгат. Кийим-кечеӊ таптаза, тамагыӊ даяр болуп  турса гана ар кандай төкмөлөр чыгат да. Ушунун баарын түшүнүп, ойдогудай баарын кылып келаткан Райгүл. Ошондуктан ушунча жылдан бери ынтымактуу жашап келатабыз да. Пейили кенен. Үйгө мейман келип турса деп тилейт. Конокту, куда-сөөктү, тели-теӊтушту ойдогудай тейлейт. Пенсияда болсок да чогуу бир топто иштеп жатабыз. Жакшы ырдайт, ооз комузда жакшы ойнойт, комузду мыкты чертет.

Силердин жолуӊарды жолдогон уул-кыздарыӊар барбы?

— Уулубуз Насипбек обон чыгарат. Анын баласы, неберем Медер ырдап жүрөт. Эркинбек сатира чыгарат, анын да баласы жакшы ырдайт.

Райгүл ДЕРКЕМБАЕВА: «Обу жок кызгана берсем, Эстекемдин өнөрү өспөй калмак да…»

Күткөн Рая эже да келип калды. Ара-чолодо эже менен маектеше калдык.

— Рая эже, филармонияга кандайча келип  калдыӊыз эле?

— Мени филармонияга чоӊ акын Токтоналы Шабданбаев алып келген. Чоӊ комузчу Шекербек Шеркулов менен чогуу иштешип алдым. Ошондо Эстекемдин атагы чыгып, популярдуу болуп турган кези экен. Чачты силкип, кычырап кийинип, ырлары менен кыздардын жүрөгүнө чок салып турган убагы экен. Бир көрүп сүйдүм деп айта албайм, жактыруу сезим болду. Нике кайып болуп, баш коштук.

— Сизди киного, жолугушууга чакырган жок беле?

— Жок. Атүгүл «сүйөм» деп айткан эмес. И баса, мени кайын энем жактырган экен. Азыр «Туӊгуч» театры жайгашкан жер мурда филармония эле. Ошол жерде концерт берип калдык. Концертке кайын энем иниси менен келиптир. Мен ырдап чыкканда кайненем, «Аа, ий, маӊдайы жарык, жаркылдаган жакшы кыз экен. Каяктын кызы болду экен?» деп сураштырып, жактырыптыр. Сыртымдан жактырып жүргөн Эстекем апасы да жактырганын кубанганын кийин уктум.

— Кайын энеӊиз мамилеӊиз кандай болду?

— Абдан жакшы. Жалгыз келини болгондон кийин, өз кызындай мамиле кылууга аракет кылдым. Кайсы бир келин жөнүндө ыр бар го, «ичтегини сезип тура, билип турса сүйлөтпөй» деген. Анынсыӊарындай, көз караштан эле бири-бирибизди түшүнчүбүз. Кайын энем менен бир жыл жашадым. Ооруп калганда багып, батасын алдым. Апам жарыктык менин колумдан кетти. Абдан жакшы киши эле.

— Ата-энеӊиз жол алыс деп Таласка келин болушуӊузга каршы болгон жок беле?

— Жок. Эстебес Турсуналиев деген атты угуп, «ал кызыбызды өзү багып алат» деп кош колдошкон. Ата-энемдин көзү жетиптир, жолдошум жакшы чыкты.

— «Ар кимде бар ар кыял» дегендей, кантип эле кыял болбосун?

— Биз бирөөнүн алдында бири-бирибизди каккан жандан эмеспиз. Эгер кемчилигибизди байкап калсак, аны эч ким жокто сүйлөшчүбүз. Анда дагы акырын маданияттуу чечишип алабыз.

— Жаш кезде агайды кыздардан кызганчу белеӊиз?

— Жок. Обу жок кызгана берсем, Эстекемдин өнөрү өспөй калмак да. Бардык күч-кубатымды ага арнадым. Кудайнын кулагы сүйүнсүн, эл албаган наамды алды. Кыскасы, жеӊилин жерден, оорун колдон алып, анын чыгармачылыгына жан дүйнөмдү үрөдүм. Бардык жерде барктуу адам. Кечеден жолуккан санаалаштары: «Үйгө келип, чай ичип кеткиле» деп сыйлап турушат.

— Гастролго чогуу барчу белеӊиз?

— Албете, бирок, Эстекемдин уруксаты менен барчубуз. «Гастролго кетип атам, жүр» дей берчү. «Балдарчы? десем, «балдар менен барабыз» дейт. Бала-чака менен гастролдогон күн көп болгон. Анын үстүнө Кудайдын берген баласы деп арты-артынан төрөй берип, 20 жыл бала менен үйдө отурдум.

— Анда үйдө олтуруп калганыӊызга өкүнөт экенсиз да?

— Өкүнбөйм деле. Үйдө олтурганда жөн отурган жокмун. Азыркы КУУнун филфагын сырттан  окуп бүтүргөм. Эстекемден бир тыйын албай, бардык экзамендерди өз күчүм менен тапшыргам. Окуу жайды бүтүп жатканда жумуш сунуштады. Эстекем менен акылдашсам болбой койду. Бул кишинин айтканы мен үчүн закон эле да, баш ийдим. Кайра эле филармонияга жумушка чакырылып калдым, чогуу иштеп жатабыз. Бир гана өкүнгөнүм, ортодо ырдабай калып, элге таанылбай калдым. Негизи ырчы өзүн 30 жашка чейин көрсөтүп калыш керек экен. Мени мурункулар тааныйт, а азыркылар тааныбайт. 15-майда 65 жашка чыгам.

— Туулган күндөргө көӊүл бурасыздарбы?

— Биз үчүн эӊ жакшы майрамдадын бири. Мурда биздин үйдө мындай салт бар эле ким канчага чыкса ошончо гүл бермей. Азыр деле гүл беребиз, бирок, мурдагыдай эмес.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

«Бишкек таймс», 2005-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.