Министр коронавирустан айыгып ишке чыкты. Кытайдын вакцинасы июлдун ортосунда келээри айтылды…

Министр коронавирустан айыгып ишке чыкты. Кытайдын вакцинасы июлдун ортосунда келээри айтылды…

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы жакшырып, жумушка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, министр коронавирусту дарылай турган жаңы стационарларды ачуу маселеси боюнча иш алып барууда. Улуттук госпиталдан кошумча 120 орун, Суворов окуу жайынан 200 орун жана Курортология институтунан 200 орун даярдоо пландалууда.

Эске сала кетсек, өткөн жумада А.Бейшеналиев коронавирус жуктуруп алганын айтып, кабинетинде уу коргошун менен дарыланып жатканын билдирген. Апрелде ал коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун тамырын колдонуп башташканын атайын маалымат жыйынында айтып чыгып, журналисттер алдында анын тундурмасын ичип, тийиштүү эрежелерди карманса зыянсыз экенин, тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап,  дарылоо жолдорун дарыгерлерге үйрөтүп жатышканын билдирген. Ага чейин, 29-мартында коронавируска каршы эмделген.

ШТАБ: «Бир суткада эле 10 киши каза болду»

Республикалык штабдын бүгүнкү (29-июнда) берген маалыматына караганда, бир суткада коронавирустан 10 киши каза болуп, 558 киши айыкты. 10 457 киши коронавирус илдети менен алышууда, анын 3 209у ооруканаларда 7 248и үй шартында дарыланууда. 409 бейтаптын абалы өтө оор.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-июнда министринин орун басары Улукбек Бектурганов брифингде Кытай берген вакцина 15-июлга чейин алынып келээрин билдирди. Анын айтымында, министрлик менен өкмөт 150 миң доза вакцинаны алып келүүгө байланыштуу маселенин баарын чечти.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.