Текебаев, Мырзакматов, Жээнчороев, Байсаловдун беттешүүсүндө кимисинин жообу жакты? (Видео)

Текебаев, Мырзакматов, Жээнчороев, Байсаловдун беттешүүсүндө кимисинин жообу жакты? (Видео)

Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчиси кызматына Акылбек Жапаровду сунуштаганын президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы расмий баракчасы аркылуу 12-октябрда жарыялаган. Анда президент Кыргызстандын экономикасын кризистен алып чыгууга Акылбек Жапаров убада бергенин баса белгилеп жазган эле…

Анан, 13-октябрда Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана кабинет мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү маселесин карап, колдоп берген. Аталышы бир аз узарып кеткен Өкмөттүн төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп Эдил Байсалов дайындалган…

Кыскасы, «Азаттык» жогору жактагы кадрдык өзгөрүүлөрдөн кеп козгоп, талкуу уюштуруп, бийликтен Эдил Байсаловду, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди, «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматовду, Жогорку Кеңештин депутаты, «Альянс» партиясынын теңтөрагасы Мирлан Жээнчороевди чакырган. Кызыктуу талкуу болгон экен, алигүнчө социалдык тармактарда талкууланып, өкмөттүк кызматкер Эдил мырза дале «тепкиде» калууда.

Келгиле, дагы бир жолу кайрадан видеону көрүп чыгып, саясатчылардын саясаттагы жүзүн, салмагын аныктайлы!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.