Жылдыз Бакашова КТРК байкоочулар кеңешинин мүчөлүгүнөн бошотулду. Табышмактуу арыз…

Жылдыз Бакашова КТРК байкоочулар кеңешинин мүчөлүгүнөн бошотулду. Табышмактуу арыз…

Министрлер кабинетинин мурдагы орун басары Жылдыз Бакашованы Жогорку Кеңеш КТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөлүгүнөн бүгүн, 20-октябрда, бошотту. Анын ордуна КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбековдун талапкерлиги көрсөтүлүп, бирок депутаттардан колдоо тапкан жок.

Табышмактуу арыз…

Жылдыз Бакашованын арызына келсек, Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекованын айтымында, Бакашова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган 5-май күнү Байкоочулар кеңешинин мүчөлүгүнөн кетүү арызын жазган. Анан саргайтып кайда, неге катып жатышканы кайдан, ошол арызды Байкоочу кеңеш белгисиз себептер менен парламентке октябрь айында тапшырган. Күтө турсак, бул табышмактуу жагдайдын чоо-жайы айтылат жакында…

Белгилей кетсек, Жылдыз Бакашова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп 12-октябрга чейин — 5 айдай убакыт иштеп берди…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.