Кайра шайлоо өткөрүү жана БШК курамын толугу менен алмаштыруу боюнча кол топтоло баштады

Кайра шайлоо өткөрүү жана БШК курамын толугу менен алмаштыруу боюнча кол топтоло баштады

Кыргызстандык активисттер Change.org порталында Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын толугу менен алмаштырып, таза жана ачык шайлоо өткөрүү талабы менен электрондук петицияга кол топтой баштады.

Петицияны түзгөндөр «БШК шайлоодогу мыйзам бузууларга көз жумду» деген сын айтышкан. Ошондой эле кийинки шайлоого «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партиялары менен катышкан талапкерлерди, добуш сатып алууга айыпталып кармалгандарды катыштырбоо шарттарын жазышкан.

«Добуш берүүнүн жыйынтыктарына караганда, парламентке бийликчил партиялар жана талапкерлер өттү. Дал ушул добуштарды алдын ала эсептөөдө адам факторунун катышпаганы БШКнын шайлоо системасындагы ишенимдүү аргументи болуп келген. Ошондой эле Боршайком автоматтык эсептөө системасы (АСУ) сырткы кийлигишүүдөн корголгонун айтып келген. Байкоочулар жана шайлоого катышкандар добушканалардан протоколдорду дагы деле ала албай жатат«, — деп жазылган петицияда.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда АСУ (автоматтык эсептөө системасы) бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну «көз боёмочулук» деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. УКМК мунун чоо-жайын териштирүүдө.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34% тегерегинде болду.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.