«Президент менен байланышым бар» деген алдамчы адам кармалды. Ал Мелис Аспековдун иниси болуп чыкты…

«Президент менен байланышым бар» деген алдамчы адам кармалды. Ал Мелис Аспековдун иниси болуп чыкты…

Президент менен байланышы бар экенин айткан адам алдамчылыкка шектелип кармалганын Бишкектин Свердлов райондук милициясы кечээ, 10-апрелде билдирип, анын сүрөтүн да тараткан.

Брат осужденного Мелиса Аспекова задержан по подозрению в мошенничестве

Алардын маалыматына караганда, милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, А.А. аттуу чала тааныш жаранга чара көрүүнү суранган. Шектүү президент менен түздөн-түз байланышы бар экенин айтканын, башкалаадагы «Сары-Өзөн» базарынан чоң жер тилкесин алып берүүнү убада кылып 44 миң доллар алганын, бирок качып жүргөнүн маалымдаган. Бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1992-жылы туулган жаран кармалган. Ал камактагы Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков экени белгилүү болду. Эжеси иниси кармалганын «Азаттыкка» ырастап, башка маалымат берген жок. Адвокаты да азырынча комментарий бере элек.

Агасына кандай иш козголду эле?

Шектүүнүн агасы Мелис Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач ага карата Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында «Алдамчылык» беренеси да кошулган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Мелис Аспековду өткөн айда жети жылга абакка кесип, жабырлануучулардын пайдасына 23 млн. 429 миң сом чыгымды өндүрүп берүүгө милдеттендирген. Ал муну «куугунтук» деп айтып келет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.