Кайыргүл НАДЫРБЕКОВА: «Кыргыз үчүн дайым тирүү Байдылда». 90 жылдыкка арналган ыр

Кайыргүл НАДЫРБЕКОВА: «Кыргыз үчүн дайым тирүү Байдылда». 90 жылдыкка арналган ыр
Бүгүн, 14-апрелде, Бишкекте Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган «Кыргыз деп келгем дүйнөгө» аттуу адабий кече өткөрүлөт. Сурап-билүү телефону: 0708 092598.
«Данакер Лингво» маданий—илимий коомдук бирикмесинин мүчөсү, акын Кайыргүл Надырбекова Байдылда атабызга арнаган ырын «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.
ТОКСОН ЖАШЫН
Жыйын болсо тамаша ыр окулуп,
Жылмайдыра күлбөгөндү күлдүргөн.
Тамаша, чын жылма сөздөн баштаса,
Жеп ичкенди тызылдата «күйдүргөн».
Жөн жүрбөгөн акындардын «жаманы»,
Жалпы журттун жүрөгүнө түнөгөн.
Курдаш болуп алп жазуучу Чыңгызга,
Куйкум сөзүн ырларына кыстарса.
Калк ичинде муундан муунга айтылып,
Калган экен макал болуп тамаша.
Кылым өткөн артка эми кайрылбас,
Кыргыз үчүн дайым тирүү Байдылда.
Жогорулап жашоодогу жолдору,
Жон таянып ашуу ашып өтөөрдө.
Жооптуу болуп берген экен отчётту,
Өмүр жашы турган кезде өткөөлдө.
Опол тоодой эли баалайт эмгегин,
Тосуп алып токсон жашын көктөмдө.
Кайыргүл НАДЫРБЕКОВА

Бахтияр САРНОГОЕВ: «Атамдын өз аты-жөнү башка экенин угуп, биз да таң калганбыз»

«Акындын эки өмүрү бар: бири — өз өмүрү, экичиси – ырларында» дегендей, ыр күлүгүн чаап өткөн алп акын Байдылда Сарногоев атабыздын ырлары калк арасында жашоосун улантып келет. Байдылда атабыздын өз аты-жөнү башка экенин 2007-жылы «Де-Факто» гезитиндеги Зина Сарногоева эжебиз менен болгон маекте, ортончу уулунан уктук эле. Анда Бахтияр байке мындай деген:

Таласта Чоң-Чычкан (азыркы «Жерүй» кени салынган жер) деген тоо бар. Ошол жакта Кулманбес (негизи Кулун эмбес болчу) деген кыштоо бар. Атам ошол жерде төрөлүп, балалыгы ошол жерде өткөн. Уруусу — чылпак. Чылпактар «күңгөй, тескей» деп экиге бөлүнөт экен. Атам тескей чылпактардан болот. Чоң атам Сарногой молдо болгон экен. Негизи чоң атамдын да өз аты — Айтманбет. Эл арасында ногой, татарлар көп жашашкан экен. Ошолор менен кошуна туруп калганда, бир татар молдо, чоң атам сары киши болгондуктан аны «Сарыногой» деп атап койсо, ошол аты ошол бойдон айтылып калып кетет. Атамдын да азан чакырылып коюлган аты Убайдылда болуптур. Ошондо өз аты-жөнү — Убайдылда Айтманбетов болуп атат да. Биз деле кийин, 1991-жылы кайсы бир журналга атамдын берген интервьюсунан окуп алып таң калганбыз.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Италияда жашап, иштеп жаткан кызы Сарногоева Гүлсана эжебиздин маеги бул ШИЛТЕМЕде.  Андан кийинки кызы Карлыгач Сарногоеванын маеги бу  ШИЛТЕМЕде. Жубайы Сарногоева Зина апабыздын маеги бу жердеги ШИЛТЕМЕде.

 

.

One thought on “Кайыргүл НАДЫРБЕКОВА: «Кыргыз үчүн дайым тирүү Байдылда». 90 жылдыкка арналган ыр

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.