Чек ара: соңку ок атышууга байланыштуу кылмыш иши козголду

Чек ара: соңку ок атышууга байланыштуу кылмыш иши козголду

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы 12-апрелдеги ок атышууга байланыштуу “тынчтыкка каршы кылмыш” беренеси менен кылмыш иши козголду. Прокуратуранын маалыматына караганда, мекемелер аралык тергөө тобу түзүлдү.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик чек арасында 12-апрелде ок атылган окуя катталган жана тараптар үч ирээт жолугуп сүйлөшкөн.

Анда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра кайтарууну улантууну, бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдардардан турган комиссия түзүүнү макулдашкан. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн каттамын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек арачыларынан турган жумушчу топ түзүлөрү айтылган.

Бул жаңжалда Кыргызстандын алты жараны жараат алган. Саламаттык сактоо министрлиги Раззаков шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт киши жатканын билдирген.

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.