ОППОЗИЦИЯЛЫК УЮМ: «Жапаров менен Ташиевден Темировго карата куугунтукту токтотууну талап кылабыз!»

ОППОЗИЦИЯЛЫК УЮМ: «Жапаров менен Ташиевден Темировго карата куугунтукту токтотууну талап кылабыз!»

«Кыргызстандын бириккен демократиялык кыймылы» оппозициялык уюму иликтөөчү журналист Болот Темировго карата кылмыш ишинин козголушуна, суракка чакырылышына байланыштуу кайрылуу жасап, ага карата жаңы иш козголушун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдарынын тендерлерди утуп баштаганы тууралуу журналисттик иликтөөсүнө байланыштырды.

«Биз Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден Болот Темировго карата куугунтукту токтоосуз токтотууну, Курманкул Зулушевден Темировдун жана башка журналисттердин иликтөөсүндөгү бардык фактыларды текшерүүнү баштоону, кылмышка тиешеси барлардын баарын жоопкерчиликке тартууну талап кылабыз!«,-деп айтылат кайрылууда.

Бишкек ШИИБнин маалыматы…

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Б.Темиров Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча шектелүүдө. Ал Орусиянын жараны экенин билип туруп мыйзамды бузуп, жалган документтер менен Кыргызстан жарандыгын алып, паспортун бир нече жолу алмаштырган жана ошол документ менен бир нече ирет чек арадан өткөн.

Буга чейин, журналист 20-апрелде суракка чакырылганын билдирип, дагы үч кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Муну ал бийликтин басымы катары баалап, журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

Эске сала кетсек, Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду 23-январда милиция камакка алып, эртеси экөөнү тең чет жакка чыкпоо тилкаттын негизинде бошоткон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.