Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Коррупция боюнча тоскоолдуктар болсо, аны да ачык айтыңыздар»

Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: «Коррупция боюнча тоскоолдуктар болсо, аны да ачык айтыңыздар»

Мэр курулушчулар менен кеңешме жыйын кылууда…

Бүгүн, 22-апрелде, Октябрь районунун администрациясынын жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров калаанын архитекторлору, курулушчулары жана шаардын долбоору менен иштеген адистер менен жолугуп, жыйын өткөрүүдө. Курулушчулар мэрге ар кыл суроолорун берип, маселелерин ачык айтып, өз сунуштарын берүүдө.
«Бүгүн ачык сүйлөшүп алышыбыз керек. Биз тарапта жашыра турган эч нерсе жок. Коррупция боюнча да тоскоолдуктар болсо аны да айтыңыздар. Биздин башкы максатыбыз шаарды көтөрүү болуш керек. Президентибиз Садыр Нургожоевич тарабынан быйыл 15 мектеп, бир бала бакчанын бүткөрүү тапшырмасы коюлуп, аны ишке ашыруу жүрүп жатат. Аны бүткөрүүгө да сиздердин, курулушчулардын орду чоң. Мындан тышкары, шаарга курула турган көп объектилер жана заманбап үйлөр бар. Ошондуктан сиздер менен бүгүн түз сүйлөшүп, курулуш тармагындагы маселелерди ачык талкуулап алсак жакшы болот«, — деди мэр Эмилбек Абдыкадыров.

Жыйындын башкы максаты — шаарыбыздагы курулуш тармагын өнүктүрүп, жолго коюу.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.