Бишкектин борборунда митингге чыгууга тыюу 1-декабрга чейин узарды

Бишкектин борборунда митингге чыгууга тыюу 1-декабрга чейин узарды

Бишкектеги Биринчи май райондук соту борбордук аянтта, өкмөт үйүнүн, Жогорку Кеңештин жана Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын алдында нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюунун мөөнөтүн 1-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Митингдерди Максим Горький атындагы гүлбакта гана өткөрүүгө уруксат берилет.

Эске сала кетсек, Биринчи май райондук соту ушул жылдын апрель айында шаардын борборунда тынч жыйындарды өткөрүүгө 1-сентябрга чейин тыюу салган. Жарандык коомдук өкүлдөрү, укук коргоочулар жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова тынч жыйындарга тыюу салуу Конституцияга каршы келерин эскерткен.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.