19-сентябрь — Улуттук аза күтүү күнү. Бардык аймакта мамлекеттик туу түшүрүлөт

19-сентябрь — Улуттук аза күтүү күнү. Бардык аймакта мамлекеттик туу түшүрүлөт

19-сентябрь — Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн кол койгонун президенттин расмий сайты жарыялады.

Улуттук аза күтүү күнүндө Кыргызстандын бардык аймагында, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелерибиздин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу түшүрүлөт. Телерадиокомпаниялар оюн-зоок иш-чараларын, берүүлөрүн токтотушат.

Каргашалуу кагылышууда 36 адамдан ажырадык…

 

Бул каргашалуу окуянын башы 14-сентябрда башталган… Кыргыз-тажик чек арасында  — биз кошуна тутунган тажик тараптан Баткендеги биздин айылдарды карай ок атылганы кабарланган. Ошондон абал чыңалып отуруп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетибизге (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда таң аткандан абал курчуганын, Тажикстан Кыргызстандын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз аймактарына ок жаадырып, миномет менен аткылай баштаганын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болгондор саны 36 адамга жетип, 134 адам жаракат алды. Алардын арасында жаш балдар да бар, саны такталууда.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяларда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт. Алла тааладан сабыр тилейбиз.

Баарыбыздын кабыргабыз кайышып турат… жайыңар бейиштик болсун, шейит кеткен бир боорлорубуз…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.