Качып баратканда ок тийген 7 бала ооруканада. Эң кичүүсү 1,5 жашта, улуусу 15те

Качып баратканда ок тийген 7 бала ооруканада. Эң кичүүсү 1,5 жашта, улуусу 15те
ФОТО: Эне жана баланы коргоо борбору. Баткенде жараат алган наристе. 2022-жылдын 20-сентябры.

Балдарыбыз эртерээк сакайып кетсин!

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда Баткенде жараат алган жети бала дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда оорукананын башкы дарыгери Гүлзат Маймерова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, алардын баарына ок тийген. Эң кичүүсү 1,5 жашта, улуусу 15те. «Балдардын биринен окту алып чыктык, биринен 35 майда сынык чыкты. Психологиялык жардам көрсөтүп жатабыз. Көбүнө ок алар качып баратканда тийген” деп билдирген Г.Маймерова.

«Тажикстан Кыргызстанга биринчи болуп кол салган!»

Эске сала кетсек, былтыр апрелдин соңку күндөрүнда, майдын башында — тажик тарап өлкөбүздүн чегин басып кирип, Өрүкзарлуу Баткенибизге кол салган болчу. Мына, ушул 14-сентябрда саат 08.00дө «куралдуу агрессиясын» кайрадан көрсөтүп,»ок атуучу куралдарды жана миномөтторду колдонуу менен бир эле учурда беш багытта» — Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча ок жаадырып, чыккынчылык менен кол салды. Эми болсо, карандай калпты учуруп, арам ой-ниеттерин, күнөөнү — бейпил жаткан Кыргызстанга оодара салып жанталашып жалган маалыматтарды таратышты жана таратышууда. Бар балээни салып коюп, «Кыргызстан биринчи ок чыгарган» деп бет тырмалык кылууда…  Чоң саясатта оюндар эле болуп кетпесе, алардын жалганы, кара өзгөй жүзү — ааламга ачык эле көрүнүп турат. Так далилин аныктап берчү жагдайлар толтура. Андай аракеттин бирин — Тажикстан Баткенге биринчи болуп кол салганын — «ПолитКлиника» маалыматтык агенттиги иликтеп чыкты. Ал бул ШИЛТЕМЕде. Генерал Шох жетектеген согушкерлер Кыргызстанга кол салганы бул ШИЛТЕМЕде.

ТИМ: «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы»

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган. Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды.

Президент Нью-Йоркто…

Кечээ, 19-сентябрь — Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү болуп, президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады. Мамлекет башчысы бүгүн, 20-сентябрда, БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн БУУнун Нью-Йорк шаарына барды. Мындан тышкары, ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады.

Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин 20-сентябрь, саат 15:00дө берген маалыматына таянсак, жаңжалда түрдүү жараат алып ооруканага кайрылгандардын саны 198ге жетти. Алардын 26сы үйүнөн дарыланууда. 68 бейтап Баткен облусундагы бейтапканаларда жатат.

Жалгандын өмүрү кыска!

Биз эч качан эч кимге катылган эмеспиз, катылгандын катыгын берген элбиз! Тажик жеринде жарандык согуш тутанганда, абалдан пайдаланып арам ойлогон эмеспиз, ынтымакка данакер болуп, достук колун сунганбыз…

Бизге сабак болсун, тарых — жаңылыштыктарды кечире бербейт. Капилет баскан душман огунан көз жумган мекендештерибиз, бир боорлорубуздун өмүрлөрү жөн кыйылган болбосун! Биримдик, ынтымак, акылмандуулук, сабырдуулук, жетик ой жүгүртүү менен ӨЛКӨБΥЗДΥ ниети бузуктарга тепсетпейли!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.