21-спикер шайланды. 20 спикер эмнеси менен эсте калды эле?..

21-спикер шайланды. 20 спикер эмнеси менен эсте калды эле?..

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы спикер шайлашты. Талант Мамытовдун ордуна Нурлан Шакиев келди. Анын талапкерлигин жашыруун (добуш берүүнүн негизинде) 80 депутат (алтоо каршы) колдоп берип, жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды. 21-спикер ишеним көрсөткөн кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

Спикерлик кызматка кимдер келип, кимдер кеткен?

 

Тарыхка кылчайсак, баарынан эсте калганы Ишенбай Кадырбеков болуптур. Себеби, ал 2005-жылдын 24-мартында, биринчи революциядан кийин спикер болуп, ал орунда ошол жылдын 25-мартына чейин эле отурган. Андан кийин келген Муратбек Мукашев да тез эле кызматтан түшкөн. Андан кийин Өмүрбек Текебаев спикер болуп, андагы ажо Курманбек Бакиев менен аппарат башчысы Үсөн Сыдыков менен келише албай, аябай кармашканы эсибизде. “Эркек болсоң, асынып ал!” деп Бакиевге сын айта калам деп балээсине калган. Андан кийинки спикер Адахан Мадумаров болсо, депутаттарды “смокинг кийгиле” дегени менен эсте… Баарынан эсте калган спикердин бири бул Айтибай Тагаев болгон. Ал киши орус тилин жакшы билбегендиктен, орус тилиндеги жолугушуу-сүйлөшүүлөрдө дайыма жанында орус тилинен кыргыз тилине которгон котормочу отурчу…

Эми тизмеге өтсөк, сап башында «легендарлуу» атыккан парламенттин кадырлуу аксакал төрагасынын ысымы турат:

1.Медеткан Шеримкулов (1990 -1994)

2.Мукар Чолпонбаев (1995—1997)

3.Алманбет Матубраимов, (1995 — 1997)

4.Усуп Мукамбаев (1997 — 2000)

5.Абдыганы Эркебаев (1997 —2000)

6.Алтай Бөрүбаев (2000 — 2005)

7.Ишенбай Кадырбеков (24-март-14-апрель 2005-ж.)

8.Муратбек Мукашев (2005-ж.)

9.Өмүрбек Текебаев (2005-ж. —2006-ж.)

10.Марат Султанов (2006-ж. — 2007-ж.)

11.Адахан Мадумаров (2008-ж. — 2008-ж.)

12.Айтибай Тагаев (2008-ж. — 2009-ж.)

13.Зайнидин Курманов (2009-ж. — 2010-ж.)

14.Ахматбек Келдибеков (2010-ж. — 2011-ж.)

15.Асылбек Жээнбеков (2011-ж. — 2016-ж.)

16.Чыныбай Турсунбеков (2016-ж. — 2017-ж.)

17. Дастан Жумабеков (2017-ж. — 2020-ж.)

18. Канат Исаев (2020-жылдын 13-октябрынан 4-ноябрына чейин)

19. Талант Мамытов (Октябрь революциясынан кийин 2020-жыл 4-ноябрында спикер болгон)

20. Талант Мамытов (2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоо болуп, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын спикери болуп 29-декабрда шайланган)

21. Нурлан Шакиев (2022-жыл 5-октябрь)

Нурлан Шакиев Бакиевдер тууралуу…

45 жаштагы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында 1977-жылы 13-майда туулган. Ал 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы болуп иштеген. Кеңешчи да болгон. Ошол эле жылдын  декабрында Маданият жана маалымат министри болуп дайындалып, бир жыл иштеген. Ошондон уламбы, айтор, “NewTV” телеканалынын директору болуп турганда Курманбек Бакиевдин 70 жылдык мааракесине (ашкере мактап, жактап, куттуктаган) даярдалган тасмаларды көрсөткөн. Андагы УКМКнын жетекчисинен эскертүү алган.

Дал ушул боюнча бүгүн депутат Дастан Бекешев Нурлан Шакиевге Курманбек Бакиевге көз карашы тууралуу суроо узатты: «2019-жылы NewTV телеканалы Бакиевдин 70 жылдык мааракесин куттуктаган. Бакиевдер боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?» Нурлан Шакиев мындай деп жооп берди: «Мен жеке адам катары, жаран катары айта турган болсом, мурда иштеп кеткен бардык президенттерге, анын ичинде Бакиевдерге карата көз карашым коомдон кескин айырмаланбайт. Коомдогу көз караш кандай болсо, меники да ошондой«.

Нурлан Шакиев былтыр парламенттик шайлоого №17 Аксы шайлоо округунан катышып, Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуп шайланып келген. Эми 21-спикер болду. Кандай иштейт аны мезгил көрсөтөт!

Нази БАЯН кызы

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.