Изати Шүгүралиева менен Чынара Мамытканова лекция окуп башташты…

Изати Шүгүралиева менен Чынара Мамытканова лекция окуп башташты…

Бүгүн, 19-октябрда, Бишкек шаарында Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн эки күндүк окуу башталды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, тренинг USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун колдоосу менен өтүп жатат. Кыргыз Республикасындагы соттук реформаны ийгиликтүү өнүктүрүүнүн маанилүү шарттарынын бири сот тутумунун ачык-айкындуулугунун жана жарандардын сот адилеттигине болгон ишениминин деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун атынан куттуктап, мындай деген:

«Кыргыз Республикасынын сот системасы сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө максатында жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет. Сот тутуму мамлекеттик органдардын ачыктыгы жана жоопкерчилиги принцибинин негизинде ЖМК өкүлдөрү сураган маалыматтарды  мыйзамдардын талаптарына ылайык камсыздайт.

Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен өз ара аракеттенүү өз ара түшүнүшүүнүн негизинде ишке ашырылат. Сот органдары ЖМКга тийиштүү маалыматтар  менен камсыз кылышы керек. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары өз кезегинде жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууга көмөктөшүүсү керек«.

Ошондой эле ал социалдык тармактарда активдүү болууга чакырып, колдонуучулардын саны жыл сайын өсүп жаткандыгын баса белгиледи.

Сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн ЖМКлар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча эки күндүк тренингде Жогорку соттун басма сөз кызматкерлери: Изати Шүгүралиева жана Чынара Мамытканова лекцияларды окушат.

Ал эми тренингдин басымдуу бөлүгү жаңы социалдык медианы өздөштүрүү маселелерине арналат. Маалыматтарды жана интернет инструменттерин жайылтууда социалдык тармактардын ролу тууралуу SMM эксперттери Орозгүл Арстанова жана Светлана Марголис сабак беришет.

Адистер соттордун социалдык тармактарда өкүлчүлүгүн жакшыртуу боюнча өз сунуштарын беришет жана глобалдык тармактын ар кандай куралдарын колдонуу боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.

Өз кезегинде басма сөз катчылары Жогорку сотко жана Сот адилеттигинин Жогорку мектебине уюштурулган актуалдуу окутуу үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.