Бүгүн “Кубатбек Жусубалиевдин философиялык дүйнөсү” аттуу илимий-практикалык конференция болот (Дарек)

Бүгүн “Кубатбек Жусубалиевдин философиялык дүйнөсү” аттуу илимий-практикалык конференция болот (Дарек)

Эшимкановдор жакшы көргөн Кубат аке

Мелис байке (Эшимканов), жолдошум Эрнис (Асек уулу) абдан жакшы көргөн, барктап-баалаган, Кыргыз Эл жазуучусу Кубат аке (Жусубалиев) 81-күздү тосуп отурат.

Күздөгү кыш. Кечээ эле саргайган жалбырактардын агарып калганын карап туруп, Эрнистин 19 жашында (1989-жылы) жазган ырын эстедим…

Күз

Караңгы картаң көчө.

Караандар караңгыда.

Колчатыр карап барат көлчүктөрдү…

«Кубатбек Жусубалиевдин философия дүйнөсү»…

Кубат акенин 80 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар журналист кызы Жамбы Жусубалиеванын демилгеси менен 29-октябрда башталган. Бүгүн жыйынтыкталат. Тагырагы, Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында (Чүй проспекти, 265-а, 2-кабат, кичи жыйындар залы) «Кубатбек Жусубалиевдин философия дүйнөсү» аталышындагы илимий-практикалык конференция болот.

Конференциянын максаты – кыргыз адабиятында көркөм чыгырмачылыкты философиялык ой толгоо менен чебер айкалыштырууга жетишкен, өзү жашаган мезгил мерчеминен кыйла алдыда жүргөн жазуучу Кубатбек Жусубалиевдинчыгармаларынын азыркы учур окурмандарынын көркөм-эстетикалык табитин, философиялык дүйнө таанымын калыптандыруудагы орду жана мааниси жөнүндөгү маселелерди талкуулоо.

Аталган конференцияга окумуштуулар, ЖОЖдун окутуучулары (Кубат акенин «кожоюну», айтылуу Мелис Эшимкановдун жубайы, мугалим Асел Эшимканова да катышат) докторанттар, аспиранттар, изденүүчүлөр жана студенттер катышат.

Буга чейин…

Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына жана скульптор Заур Хабибулиндин (1937-жыл — 1988-жыл) 85 жылдык мааракесине арналган «Алга карай» аттуу кош көргөзмөнү уюштурулган. Аталган көргөзмөнүн ачылыш аземи 29-октябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт искусство музейинде болгон.

Бишкектеги Франциянын Борбор Азияны изилдөө институнун кинозалында Кыргыз Эл жазуучунун жубайы, кинорежиссёр, маркум Клара Юсупжанова менен Кубатбек Жусубалиевдин документалдуу фильми көрсөтүлгөн.

Кыргыз Улуттук китепканасында Кубатбек Жусубалиевдин “Муздак дубалдар” романынын 2-басылышынын бет ачары болуп, андан кийин жазуучунун чыгармачылыгына арналган тегерек стол өткөн.

Баскан жолу…

СССР Кинематографисттер союзунун, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Эл акыны Кубатбек Жусубалиев Алай районундагы Кердегей айылында 1941-жылдын 30-октябрында жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү. 1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, 1965–1967-жж. Москвадагы Жогорку сценарийдик курстун угуучусу болгон. Эмгек жолу Чоң-Алай айылындагы «Кыргызстан» сегиз жылдык мектебинде мугалимден башталган. Андан кийин, «Ленин жолу» гезитинин адабий кызматкер,

«Кыргызтелефильм» студиясында редактор болуп иштеген. Чыгармачылык ишмердүүлүгү 1963-жылдан башталган. Биринчи аңгемелер жыйнагы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» аталыш менен 1967-жылы басылып чыккан. Бир катар толук метраждуу көркөм жана даректүү фильмдердин сценарийлерин жазган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ: «Күн автопортретин тартып бүтө элек», «Толубай сынчы», «Муздак дубалдар», «Жети сөз жана Конфуций».

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.