Мелис ЭШИМКАНОВ: «Зарлыкбековго зарлагандар бар, анан Зарлыкбеков өзү зарлаткандар бар»

Мелис ЭШИМКАНОВ: «Зарлыкбековго зарлагандар бар, анан Зарлыкбеков өзү зарлаткандар бар»

Эсен болуп, эстей жүр!

«Ленинчил жаш”,», «Асаба», “Кыргызстан маданияты”, “Агым”, «Де-факто», «Баягы Асаба» гезиттеринде эмгектенген белгилүү журналист, акын, публицист Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ (1959-2016) агабыздан ажыраганыбызга 7 жыл болуптур. 58 жашында узакка созулган ооруудан 2016-жылдын 10-майында көз жумган. Сөөгү Бишкектин чыгыш тарабындагы көрүстөнгө 13-майда коюлган.

Агабыз акыркы өмүрүндө биздин («Баягы Асаба» ) гезитте иштеген. Редакцияга таяк таянып келип жүрдү… Акыркы күндөрү катуу ооруп жүргөнүн айткан Жолдошбек агабызды караган редакторубуз Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) : «Оорубачы, Жоке! Жазчы, Жоке! Казчы, Жоке, ушуга да жигиттер кейийби? Баягыдай болчу, Жоке!» деп күч-дух берип жүрдү… Анан агабыздын ырларын сурап, «Эмне үчүн табит сөздөр өлүп тынат? Эмне үчүн карегинде мелт-калт кайгы?» деген аталыш менен баш сөз жазып жарыялаган эле. 2014-жылдагы жолдошумдун жазганын окуп, эң сонун күндөр көз алдыма тартылып, жашып да алдым… Анткени анда экөө тең бар эле… Аттиң, арман!

Назира СААЛИЕВА

Эрнис АСЕК уулу: «Оорубачы, Жоке! Жазчы, Жоке!»

Жолдошбек Зарлыкбеков – акындар дүйнөсүндө күйгөн от, жакындар  дүйнөсүндө жалын от, түшүнбөгөндөр арасында «жалп» эткен чок, түпөйүлдөр арасында «калп» эткен пок… Күйүп кетем, түтөп кетем…

Куркулдайдын уясындай болгон бөлмөсүндө дүйнөлүк акындар кыпкыргызча ыр окуп жатканын көрүп, ичимен «Жаша! Жаша!» деп жибергеним күнү бүгүнкүдөй.

Байкем Мелис Эшимканов Жокемди башкача жакшы көрчү. «Зарлыкбековго зарлагандар бар, анан Зарлыкбеков өзү зарлаткандар бар» деп койчу. «Койчу, Жоке!» деген сөзүндө эле улуу сый жатчу.

Жокемди баары тамашалашат. Күлүшөт. Бирок кылы кыйшайбайт. Жаш кезиндегидей сымбатынан жазбайт. Акыркы күндөрү ооруп жүрсө да, «акыркы ырым» деген акындардан эмес. Улуу Ырыскыга жакындардан. Алик Акималиев тамашалагандай ай жаак акын Жолдошбек эл күтпөгөндөй акын. Жатык тили, катык тили, актык тили, жароокер дили, жалгыздык дили, жашынмак дили бар акын. Кочкор районунан көп эле акындар чыкты эле. Бирок, «Жокемдей жок!» деп так кесе айталам. Бир жолу үйүнө барып калып, кетеримде Рилькенин китебин берди. Ага чейин эле жалгыздыктын паашасы болгон австриялык акынды өзүм баалап жүргөм, анан кайран Жокем, «айран» Жокем, мен акындыгын туудай көтөргөн Жокем берип жатса, кантип ал китепти албайын… Рильке… Укмуш акын да. Жалгыздыктын жаңырыгы да. Немисче нес кылган акын.

А Жокемдей эч ким жалгыз болгон эмес. Сыр билгизбейт, кайра кыр көрсөтөт. Оорубачы, Жоке! Жазчы, Жоке! Казчы, Жоке, ушуга да жигиттер кейийби?

Кочкордон чыккан байлар көп. Оголе көп. Кочкорлуктардын намысы күчтүү деп укчу элем. Ушунча болуп Сиздин бир китебиңиз чыкпаптыр. Умсунган менен умтулбаган акындар ушундай болот турбайбы! Жакын арада китебиңизди окуп каларыбыз бардыр.

Берген ырларыңызды тандаган да жокмун. Башындагы ырларды эле берип жатабыз. Жакын жакынды түшүнгөндөй, акын акынды түшүнөт деп ойлойм. Бар болуңуз да, тар болбоңуз, жоругу жолдо калбас, Жолдошбек акын!

Эрнис АСЕК уулу,

«Баягы Асаба» (2014-жыл, 18-сентябрь)

ФОТО: Эрнис АСЕК улуунун архивинен…

P.S. Жолдошбек Зарлыкбеков агабыздын ырларын эртең, 13-майда окуй аласыздар! 13-майда акыркы сапарга узатканбыз.

One thought on “Мелис ЭШИМКАНОВ: «Зарлыкбековго зарлагандар бар, анан Зарлыкбеков өзү зарлаткандар бар»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.