Каржы пирамидасын жарнама кылгандарга жаза күчөтүлдү

Каржы пирамидасын жарнама кылгандарга жаза күчөтүлдү

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда адамдарга көп суммада зыян келтирип, каржы пирамидасын жалпыга маалымдоо каражаттарынан, Интернеттен ачык жарнама кылгандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболоруна киргизилген өзгөртүүгө ылайык, адамдарга зыян алып келген каржы пирамидасын жарнама кылгандар 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пулга жыгылат.

Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов жазып чыгып, парламент быйыл 5-апрелде колдогон.

Кыргызстанда каржы пирамидаларына акчасын алдаткандар көп. Белгилүү эстрада ырчылары, диний аалымдар, блогерлер жана тамада, алып баруучулар каржы пирамидасын жарнамалаган учурлар да кездешүүдө. Милиция элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылгандарга алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин эскертип келет.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.