Апа, ак сүтүңдү актай турган балдарың, жарап калды эми минтип керекке… (ВИДЕО)

Апа, ак сүтүңдү актай турган балдарың, жарап калды эми минтип керекке… (ВИДЕО)

Эскини эске салган — «Супара-Чуңкурчак»…

Ар жылы май айынынын үчүнчү жумасынын жекшембесинде Энелер майрамы майрамдалып келет. Быйыл 21-майга туш келди. Бул күнү президенттен баштап баарыбыз апаларга куттуктоо айтабыз… Негизи май айы башталганда эле майрам эмеспи…

Апабыз Эне болгон күн…

1-майда жаратман Таабалды Эгембердиев түптөп кеткен, кыргыз жыттанган керемет «Супара-Чуңкурчак» этнокомплекс эс алуу жайына жубайы Жаңылсынзат Турганбаева жакшы маанай тартуулап, эс алып келгенбиз…

1-май апабыз ЭНЕ болуп, тун баласын жыттаган күн. Акын Жыпара Исабаева эжебиз: «Бүгүн менин туулган күнүм…/Сиздин дагы майрамыңыз, Энекебай!» деп жазгандай, апамдын бели сыздап, көл-шал түшүп чабалактап атып мени жарыкка алып келген күн…

«Майрамда төрөлсөм эмнеге атым Майрам болбой калган? Баккан чоң энем Баян апам кандайча бул атты койгон жок?» деп ысымымдын таржымалын апамдан сурасам, «Чоң энең, апабыз атыңды ошондой эле коймок, ага Зуура эжең болбой койгон, «кийин арданат» деп… «Жолборс терисин жамынган баатыр» деген китепти окуп жаткан экен ошол учурда эжең, «ушул китепте Назира деген жакшы кыз бар экен. Ошондой кыз болсун» деген жакшы тилек менен койгон. Эжеңдин сөзүн эки кылбаган апабыз макул болгон. Анынсыңарындай, жакшы окуп, ыймандуу, эмгекчил кыз болдуң. Мал бактык да, билесиң. Бир күнү тоодон көчүп калдык. 5-класс болсоң керек эле, кичүү сиңдиң Салиманы артыңа таңып берип койсок, эс албай тоодон көтөрүп түшкөнсүң. Салиманын көзү капкара, кирпиктери узун, томпойгон кыз болчу, бат эле көзүгүп калчу… Андай учурда колунун эми бар кемпирлерди издеп, алып барчубуз. Айылдын аягында бир кемпир бар эле… Мен бошобой, сенин артыңа таңып берип жөнөтсөм, алып барып келгенсиң. Анда 3-класс болсоң керек эле. Салимага мээнетиң күч» деп балалык кездеги тырнактай эмгегимди айтып берди апам.

Ай, алтын балалык, алтын кез!

Алтын сиңдим Салима акын иним Мирландын балдары менен…

Чоңоюп, чоң апам айткандай, Боронзого (андагы Фрунзе, азыркы Бишкекке) кеткенден бери, апам менен ушундай кенен сүйлөшкөн эмесмин. Балалыкка кайтып барып, кылык-жоругубузду эстеп күлдүм. Салима гүлдү пүл дечү… 3 жашта болсо керек эле, пүлүн терип отуруп, тоо жакка кетип калыптыр. Апамдын көң казган жакка кеткенин көрүп калса керек. Бир чоң атабыз атка өңөрүп алып келип, «бала жоготкон жок белеңер?» дептир. «Жолдон жылан чыкпаганын кара! Ошондо Салиманы Кудай эле сактаптыр э, апа» деп таңгалдым. Анткени ал учурда жыландар өтө көп болчу, тоо-таш эмес, жакадагы үйдө, чарбагыбызда да бар болчу. Төшөк жыйнайын десең, керебет жакта да жүрчү. Дарак кучактайын десең, жабышып ал жакта да турчу, сууга түшөйүн десең, сойлоп ал жакта да жүрчү… Жыланга чактырбай, канаттууга кактырбай, керек учурда элдик дарылык ырым-жырымды колдонуп чоңойткон ата-энебизге баа беребиз. Ооруп калсак, койдун майын ичирип, сыйпап мээрим менен эле айыктырып коюшчу эле. Апабыздын колунда да эм бар. Колубузга сөөл чыкса, эмдеп, жок кылып койчу. Кошуна-колоңдор көп келээр эле. Анан апабыздын колу уз болчу. Кошуналар боёлгон жүндөрүн даярдап алып, гүл салып бериңиз деп чакырып кетишчү. Гүл дегени ала кийиз бетиндеги оюмдар экенин кийин түшүндүм. Апам эч кимисине жок дебей, эринбей бизди ээрчитип алып, жанына отургузуп коюп сабагыбызды да аткартып, оюм да салып берчү. Сабактары бүткөн соң тапырап кийиз тепчүбүз…

Чаңызгытып, жылаңайлак чуркап, ар кыл көчө оюндарын ойноп чоңойгон ошол күндөрдү абдан сагынам. Ал учурда эл пейили да бир башкача кенен болчу. Ак деп эч бир сүт азыгын сатышчу эмес. Биздин үйдө кечки саан маалында кыдырата тизилип идиштер турчу. Уй сүтү берекелүү болуп, бизге да, элге да жетчү… “Нан берип туруңузчу, бышырып беребиз” деп нан да, камыр туруш да, туз, чай деле сурай берчү экенбиз… Жок деген киши жок болчу…

***

«Апа, эшектен далай эле жыгылдык, бирок, бир дагы жолу мээбиз чайкалган жок, жарадар болгон жокпуз, Кудая тобо!» деп жакамды кармадым. Чын, анда дагы эшекти беш-алтообуз минип алып, баарыбыз «оптом» жыгылчубуз… Тоо-ташка чыгып тоголонуп түшчүбүз, эч жерибиз сыйрылчу эмес. Ат кулак жечүбүз. Сай сагыз деп бир гүлдүн сүтүн сыгып, сагыз кылчубуз. Айтор, көзгө көрүнгөн чөп-чарды жеп жүрө берчүбүз. Ууланбаппыз… Караңгыда карышкыр уулучу… Ал учурда карышкыр көп болчу. Атам чуркап чыгып асманга мылтыкты атчу… карыш жарган малдарды алып жакага кетчү… «Атаңар жакага кеткенде, жөжүрөгөн силер менен калып, калың чөптөрдүн арасынан тезек терчүмүн. Бир күнү бир жылан ышылдап жанымдан учуп өттү. Жүрөгүм түшүп калган. Ошол учурда учкан жыландар көп болчу, таңгалычтуу. Атаңар ар бир жыланды жакшы билчү, «Бул адамга тийбейт! Мунусу чаккыч жылан» деп калчу. Дароо өлтүрүп, терисин сыйрып алып, «бул дары, жегиле!» деген күндөрү да болгон. Жыландан такыр коркчу эмес, капырай!» деп күлдү апам. Ооба, эсимде, атам ошентчү, «биз жебейбиз» десек, «балык жеп атпайсыңарбы, ошондой эле даамы, жегиле дары» деп калчу…

***

Аска-зоо атабыздан 1996-жылдын 16-июнунда ажырадык. Мен 26 жашта, кичүү иним Анарбек 1-классты аяктап, 7 жаштагы бала эле. Атабыз ою менен болгон эӊ кичүү иним, «топурак салсын» деп ала кетишкен экен, атабызды жайына коюп кайтып келишкенде, «Атамды топурак менен көөмп салышты» деп көзү жашылданып айтып келип баарыбызды ыйлаткан… Атабыз талаада ат үстүндө үзүлгөндө жанында болгон 11 жашар иним атабыздын акыркы мүнөттөрүн эстеп бир канча жыл ыйлап жүрдү.
Ошол эки иним бүгүн зыйкыйган жигиттер болду, бири -архитектор, бири — дизайнер. Атабыз ушул эки кичүү баласын өзгөчө жакшы көрчү эле…

Ата тууралуу ыр уксак эле көздөн жаш кетет. Кыргыз эл акыны Кыялбек Урманбетовдун сөзүнө (обону ырчы Гүлзинат Суранчиеваныкы) жазылган «Атакем ай» ырындагыдай «атасыз жашаган кандай арман»

Атабыздан эрте калган апабыз жалгыз бизди бутубуздан тургузду. Мээнетине ыраазы болгон Мирлан иним апабызга арнап «Энекеме» ырын жазган:

Менин ардактуу энекем,

Колундан өмүр даамын жегем.

Ыр жазайын мен сизге арнап,

Ааламдагы жакшылыктын баарын каалап.

Айланам го сизден алтын энекем,

Сиз бар үчүн үйдө толо береке.

Ак сүтүңдү актай турган балдарың,

Жарап калды эми минтип керекке.

Маңдайыбызда аман жүрүңүз,

Кудай колдоп узак өмүр сүрүңүз.

Жашоодогу эч түйшүктү билбей,

Уул-кыздын урмат-сыйын көрүңүз!

Ыр жазган жагынан апабызды иним тартыптыр. Апабыз да анда-санда ыр жаза калчу. Азыр жазбайт. Жакшы ырдайт. Жакшы тигет. Бизге кийим тигип, токуп берчү… Азыр неберелерине байпак токуп берет.

Үйдөгү мугалим АПАбыз!

Алтын апам, биз үчүн каерде гана иштеген жоксуз. Атам менен тоо-таш аралап, чабан болуп кой багыштыңыз. Колхоздун апейим айдаган талаасында, тамекини парникке өстүргөн, талаага чыгып көчөтүн отургузган, кийин жалбырагын сыдырып терген, анан ийнелерге тизген кара жумуштарында ден соолугуңузду кетирип эмгектендиңиз. Жаныңызда чөжүрөп биз да кичинекейбиз. Ошол мээнетиңиз эмгек китепчеге деле жазылбады, түйшүк-азабына татыбаган пенсияга чыктыңыз. Бүгүн деле тынымыңыз жок, неберелер менен убарасыз. Түн уйкудан калып бала багуудан дале качпайсыз. Жайы-күзү огородду аралап кетесиз. Талаада иштеп жаткан балдарыңызга караан болоюн деп барып, жардамдаша да кетесиз. Тамагын, нан-чайын да көтөрүп алганыңызчы…

Өзүңүз ооруп турсаңыз да, небереңизби, уул-кызыңызбы, кимибиз, ооруп калсак, ары-бери чабалактап чуркап каласыз. Жаш кезиңизде бизге мугалим болсоңуз, азыр неберелериңизге мугалимсиз.
«Кызы жаман болсо энеге, уул жаман болсо атага сөз тиет» деп тарбия бергенден талбадыңыз. Мектепте жакшы окуган экенсиз, улантып окубадыңыз, бирок «мен окубасам да, силер окугула» деп баарыбызды билимге сүйрөдүңүз. Алтыным Апа, баарыбызда эмне жакшы сапат-мүнөз болсо, баары атам экөөңүздөрдүн эмгегиңиздер. Билебиз, АПА, тамактын таттуусун берип, кийимдин кымбатын кийгизсек да, уйкусуз бир түнүңүздү да, тынымсыз бир күнүңүздү да актай албайбыз. Ак сүтүңүздү актайбыз дейбиз, акташ кыйын, оор экенин билебиз…

Бардык кыйынчылыгыма түткөн апам…

Апам илгертен келаткан салт-санааны жакшы билет жана бизге, неберелерине айтып келет. Алтын АПАМ мени менен кошо Эрнисимди жоктоп, аза күттү, бардык кыйынчылыгыма түттү… «Курандан башка айла жок» деп кайрат айтып, көз жашымды аарчып келет.

1-майда, туулган күнүндө Эрнисин эстеп, ыйлап калбасын десе да, мен жолдошумдун сөздөрүн эстеп, апама айтып… «Эгерде бала төрөлсө, «жерим да ушул, элим да ушул» деп ыйлап түшөт. Эгер кыз төрөлсө, «жерим башка, элим башка» деп ыйлап түшөт» деп чоң энем айтып калчу деп Эрнис айтты эле. Анынсыңарындай, кыздын барган жери да, эли да башка болот тура… Ат-Башы кулагыма жакшы угулат десеңиз» деп Эрнисти эстеп, энеме эреркеп… Кандай оор АПАма да… Кайсы эне эрте эле кызынын жесир калышын кааласын…

***

Жоктоонун дарысы бала, небере болот тура! Алтын апамдын неберелери экөөбүзгө дары болуп келет. Ушул дарыларыбыз бизди «Чуңкурчакка» узатып барып, алты бакан тээп, анын таржымалын апамдан сурап кетишти… Эринбей баарын айтып берди апам.

***

Жолдошумдун «Каалгасын» дайыма жаныма ала жүрөм. Китеп жаңы чыкканда инимдин уулу Райан сумкасына эки китеп салып алыптыр, «бири Мирлан атама, бири Жакып чоң атама (Жакшылык атабыздын агасы)» деп… Ошондо сурап калдым, «жездеңдин эскерүүсүндө «Каалгасын» ачып алып окуп жаттың эле. Кайсы ырын окудуң?» десем, «Кечир мени, поэзия!» деген ырын окугам. «Кечир мени. Миң мертебе кечиргин!.. /Тарбиялап келдиң мени жалгыз сен/. Жылдыз толгон касиеттүү жүзүңө/, Жарыбаган из калтырып кеттим мен...» . Бирок, эч нерсе түшүнгөн жокмун»,-дейт, алтыным. Бул ырдын маани-маңызын апам небересине түшүндүрүп берген.

***

«Супара-Чуңкурчак» боз үйлөрүнүн ичине да, сыртына да баарыбыз суктанган, ичиндеги дубал боорунда илинип турган паннодон баштап, калган жасалгаларына да токтолуп көчмөн турмуш баянын учкай айтып берген:

Баса, апам экөөбүз тоо чокусуна чейин чыктык. Апама караганда мен чарчап калдым. Апам шамдагай экен, менден озуп кетип жатты. Көз тийбесин, Апа, ар дайым ушинтип эле чуркап жүрө бериңиз!

Жараткандан тилегенибиз: сиз оорубаңыз, арыбаңыз, карыбаңыз. Сиз бар үчүн үйүбүз жарык, жылуу. Ар дайым ден соолукта, биздин маңдайыбызда аман, төрүбүздүн куту болуп жүрө бериңиз. Бар болуңуз, асылыбыз Апа!

«Кечээ ким элек, бүгүн ким болдук?» деп кечээги жашоо-шартыбызды, балагыбызды эске салган «Супара-Чуңкурчак» этнокомплекс эс алуу жайы болду. 4 мезгил иштеген эс алуу жайына апаңыздарды алып барыңыздар! Апам айткандай, Дубай бул жакта.

«Тагдырлашпыз» деп жараланган жүрөккө дайыма жылуулук тартуулап келаткан Жаңыл айым, бар болуңуз! Майрамыңыз менен!

Назира СААЛИЕВА

P.S. «Супара-Чуңкурчак» этнокомплекс эс алуу жайынын таржымалы тууралуу кенен макаланы жакында окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.