Шашылыш билдирүү: үч күн күн катуу ысыйт. Абайлаңыз!

Шашылыш билдирүү: үч күн күн катуу ысыйт. Абайлаңыз!
7-9-июнда күн катуу ысып,  +39 градуска чейин жетет. Бул тууралуу Гидрометеорология агенттиги билдирди. Алардын айтымында, абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35…+40 градуска, Талас облусунда +33…+38 градуска чейин жетиши күтүлөт.
Мындай аба ырайында ден соолукка абайлап мамиле кылууну агенттик эскертип, «Организмде суюктуктун азайып кетишинен жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күн түз тийген жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырабыз!«, — дейт.
Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.