25 жаштагы сүрөтчү Ноокат районундагы Кара-Суу айылында төрөлгөн. 5-классында эле Сүрөтчүлөр мектебине кирип, аны ийгиликтүү аяктаган соң, Бишкектеги Кыргыз сүрөт көркөм академиясынын театр жана кино факультетине тапшырган. Анын айтымында, үй-бүлөсүнүн баары сүрөт тартканга шыктуу, бул өнөр аларга ата-тегинен өткөн. Апасынын каршылыгына карабай атасынын кыялын ишке ашырып жаткан учуру.
— Атам мени сүрөтчү болот деп деле ойлобоптур. Эч кимге айтпай эле сүрөтчүлөр мектебине кирип алгам. Окуп жатканымды атама айтсам, аябай сүйүнгөн… Апам болсо азыр деле каршы. Анткени чыгармачыл адамдар аракеч болуп кетет имиш. Андай жаман адатка барбаш адамдын өзүнөн да. Бул өнөргө кичинемден эле кызыкчумун. Мектепте окуп жүргөндө эле ар кандай республикалык сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алгам. Кыргызстанда күз жана жаз мезгилдеринде болуп жаткан ар кандай эл аралык көргөзмөлөргө катышып келе жатам. Мындан сырткары жаш сүрөтчүлөрдүн арасында уюштурулган көргөзмөлөрдү калтырбайм. Былтыр Бельгияда Ч. Айтматовдун 85 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Кыргызстандан төрт-беш сүрөтчү ушул көргөзмөгө катыштык. Аны менен катар Казакстанда Астанадагы көргөзмөлөрдө болдук.
— Сүрөт тартуунун дагы түрлөрү бар да. Сиз кайсы түрүнө басым жасайсыз?
— Сүрөт тартууда «кубизм», «сюрреализм», «реализм» сыяктуу бир топ түргө бөлүнөт. Мен реализмге көбүрөөк басым жасайм. Реализм деген эмне? Бул реалдуу көргөн же маңдайында турган нерсени карап тартасың. Менде дал ушул тармагы жакшы өнүккөн. Сүрөтчүлүк өнөр жагынан бийиктикти багынтам десең, бир топ кыйынчылыктарга душаар болот экенсиң. Уктабай сүрөт тарткан учурлар дагы кездешпей койбойт. Кээ бир сүрөттөрдү ырахат алуу менен тартсаң, айрымдарын окшоштура албай кыйналып тартасың. Бирок, ошого карабастан аракет кылып келе жатам. Мурда белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектерин көргөндө, мен качан ушундай деңгээлге жетем деп суктанып калаар элем. Ал үчүн бир топ аракеттерди жасаш керек экен. Опера жана балет театрында жана «Манас» университетинде искусство тармагында иштейм. Бош убактымда сүрөт тартуу менен алекмин. Буюрса, жазында жаш сүрөтчүлөр менен биргеликте сүрөтчүлөр көргөзмөсүн өткөрсөкпү деп пландап жатабыз.
— Сүрөт тартуу үчүн каражат дагы болуш керек. Сизде ал жагы кандай?
— Албетте, сүрөттөрдү тартыш үчүн бир топ каражат сарпталат. Карандаш, боекторду алыш керек дегендей. Мага каражат жагынан эч ким колдоо көрсөтпөйт. Өзүмдү өзүм каржылайм дегендей (күлүп).
— А тарткан эмгегиңизди канчага баалайсыз?
— Кардарларым көп. «Сүрөт тартып бер» деп тааныштар аркылуу келип заказ беришет. Көлөмүнө жараша акчасы бааланат. Өтө кымбат деле албайм. Сүрөттү акча үчүн эмес, чыгармачылык өнөрүмдү өстүрүү үчүн тартам. Тааныш эже аркылуу жакында эле Американын жарандары менен иштешип, бир портретти 700 долларга саттым. «Канча алып жатасың» деп эже сурап калды, «700 доллар» десем, «Эмне үчүн өз эмгегиңди баалабайсың?!» деп аябай урушту. Ошондон кийин алар үчүн бир портретти 1000 долларга баалап калдым. Ал эми тааныштарга 300 долларга тартып берем.
— Белгилүү инсандардан кимди тарттыңыз?
— Белгилүүлөрдөн нейрохирург Миталип Мамытов агабызды, белгилүү балериналарды, ырчы Дилшат Кангелдиева эжекебизди, айта берсем өтө эле көп.
— Ошондо бир айдын ичинде орто эсеп менен канча сүрөт тартып, канча каражат табасыз?
-Так айталбайм, ар кандай болуп калат. Эки күн, бир жума… Кээде эки-үч айлап заказдар болбой калат.
Маектешкен Кымбат ТУРДУБЕКОВА,
«Асаба», 30.01.2014-ж.