«Кыргызстан улуттук электр тармактары» ишканасы 1-ноябрдан күнүгө эки жолу — таңында 2, кечкисин 3 саатка электр кубаттуулугуна чектөө киргизген. Айтымында, бул электрди колдонуу өсүп, керектөө кескин көбөйгөнүнө байланыштуу көрүлгөн чара.

Берилген маалыматка таянсак, учурдагы 5 кВт кубаттуулук чектөө эми таңкы жана кечки убактарда убактылуу 3 кВтка түшүрүлүп, ал «үйгө жарык берүүчү лампаларга, телевизор, компьютер жана электр чайнигин иштетүүгө толук жетип, бул — жалпы энергосистеманын туруктуу иштешин камсыздоо жана ар бир үйгө жарык үзгүлтүксүз жетиши үчүн көрүлүп жаткан чара» болгон…
Тилекке каршы, жалпы керектөөчүлөргө катышы жок жеке байкоом боюнча, иш жүзүндө бир аз башкача болуп жаткандай: таңкы чектөө убактысы эрте башталып, кечкисин узарып кетип жаткансыйт. Дегеним, кечээ биз кечки саат 21.30дарда жылыткычты, бүгүн таңкы 6.30дарда, жарыштырып башка эч нерсе сайбай, бир гана электр чайнигин иштетсек дагы жарык өчүп калды… Кубаттуулук коромжулугу аз компьютер, муздаткычты жарык кайра-кайра өчкөндөн улам иштеткенден кооптонуп да калдык…

Негизи ушул жарык маселеси, энергетика тармагындагы реформалар барып-келип эле чектөөлөр менен коштолуп келет. Суук түшкөнү Токтогул суу сактагычындагы суу көлөмү аз экени айтылып, 3 жыл илгери «энергетика тармагындагы өндүрүүчү жана бөлүштүрүүчү ишканалар ирилештирилип, эки компанияга биригип, ирилештирүү саясаты энергетика тармагындагы чыгымды, электр энергиясын жоготууларды азайтып, ачык-айкындуулук болот» ж.б.у.с. үмүттөндүргөн натыйжалар кабарланып, жыйынтыгында, жылыш жоктой эле абалды байкайбыз…
Анан, эске салсак, электр энергиясы үчүн тариф 2015-жылы жайында бир көтөрүлгөн. Анда 700 кВт/саатка чейинки электр энергиясынын 1 кВт саатына 77 тыйындан, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөсөк, өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик мекемелер үчүн тариф 2 сом 24 тыйын болчу. 2021-жылы катардагы керектөөчүлөргө 77 тыйынга 32 тыйын кошулуп, 1 сом 9 тыйын болгон… Учурдагы 5 кВттык чектөө да ошол жылы ноябрда кирген…
Кийин тарифтер улам өзгөрүп отуруп, ушул жыл башында Министрлер кабинети 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын атайын токтом менен бекитип, ал 1-майдан баштап күчүнө кирип, 1-майда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт-саат электр жарыгынын баасы 1 сом 37 тыйынга чыккан. 2,39 сомдон эсептелип келген 700 кВт-сааттан ашык керектөө 2,60 сомго көтөрүлгөн… Кыскасы, ушул жана башка тарифтик көрсөткүчтөр, өлкөдөгү инфляцияга жараша, жыл сайын 1-майдан тарта өсүүдө болору айтылган… (Жарык баасы азыр канчадан, бул жактан билсеңиз болот)…
Ушул жылдагы расмий маалыматка таянсак, Кыргызстанда 1 млн 585 миң абонент бар. Анын 1 млн 472 миң 837си — катардагы абоненттер. Биздин керектөөбүз — 7,79 млрд кВт саат болсо, өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр 6,47 млрд кВт саат электр энергиясын керектейт. Жалпысынан жылына болжолдуу 17,5 млрд кВт саат электр энергиясы керектелген болсо, анын 14,8 миллиарды гана өзүбүздө өндүрүлүп, калганы сырткы эсеп менен жабылат экен. Билишибизче, былтыр сырттан (Казахстан, Өзбекстан, Түркмөнстан) 3,8 млрд киловатт-саат электр энергиясы сатылып алынган. Быйыл 4,2-4,3 млрд деп жатышат. Баасы канчадан келип жатканын «мамлекеттер аралык коммерциялык сыр» деп ачыкташпайт деле…
Кыскасы, учурдагы убактылуу 3 кВттык чектөө боюнча маалыматта «электр энергиясы менен камсыздоочу ишкана чектөө киргизүүгө укуктуу экени, бул жобо керектөөчү менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөнү, мындай чара электр энергиясы тартыш кезде колдонулары» айтылган… Айрым адистер «каатчылык сууну ысырап колдонуудан кайталанып жатат» эле дешет… (Каатчылыкка себепчи балээлердин ичине кийин майнинг-ферма деген кошулду… Биздин Кыргызстанда эле 136 мегаватт (МВт) — 136 000 киловатт (кВт) жарыкты керектеген 45 майнинг-ферманын жабылганы маалымдалды эле…)
Айтор, президентибиз Садыр Жапаров 4 жыл мурун энергетика тармагындагы жасалчу бир катар кадамдарды айтып: «…Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз”, — деген эле…
Не дейбиз, «…баарын бир Кудай билет» дегендей, бардыгы эле ойлогонубуздай, каалаганыбыздай болбойт экен. Кыргыз өкмөтү быйыл да өлкөнүн башкы суу чөйчөгү — Токтогул суу сактагычында суу аз жыйналганын, күз-кыш мезгилинде электр энергиясы тартыш болорун, электр энергиясын болушунча сарамжал колдонолу деп эскерткен… 3 кВттык чектөө киргени ушундай сарамжалдуу болуп жатабыз: жылыткыч сайган жокпуз, ал эле эмес, чайник сайгандан да коркуп калдык…
Ушинтип отуруп, кудай кааласа, энергетикалык каатчылыктан да чыгып кетербиз…
Назира СААЛИЕВА

