КРнын эмгек сиңирген артисти, комузчу, ырчы, күүчү Нурак Абдрахманов агабыз менен чыгармачылыгы тууралуу маектештик.
— Нурак ага, бир топ жылдан бери жаш комузчу уул-кыздарды тарбиялап келе жатасыз. Шакирттериңизге комуз кандай салтта үйрөтүлөт?
— «500 жыл жашайм десең, бак отургуз, 1000 жыл жашайм десең, шакирт даярда» деген жакшы сөз илгеркилерден калган. Токтогул, Кара Молдо, Ниязаалы аталарыбыздын баарын эле шакирттери көтөрүп чыгып атат. Шакирттердин баалоосуна, кылган аракетине жараша эмгегиң элге даңазаланат экен. Учурда ондон ашык шакиртимди даярдап атам. Негизи практикамда балдарды тандап алып окутчу элем. Бул сапар ден соолугумдун айынан тандаганга шай болбоду. Быйылкы сабактарым мурдагыдай эмес өтүп атат. Албетте, сынак деген өтө жакшы нерсе. Бул менин жеке мектебим болгондон кийин бирөөлөрдүн сынактарына катышканга муктаж эмеспиз. Бирок, окуучуларым чет мамлекеттерге ар кандай сынактарга катышып турушат. Мисалы, Токтобек уулу Канат, Азыкбек уулу Кылымдар, Кудабай кызы Адинай, Туратаалы кызы Айпери деген окуучуларым 6-7 жаш курактарында эле комузду мыкты черткенди үйрөнүшкөн. Биринчи шакиртим Көчөрбаев Рахат, Азыкбек уулу Кылымдарды сегиз жашында Парижге фестивалга ээрчитип барып кыргыз өнөрүн даңазалап келди.
— Ар бир шакиртиңизге жеке сабак өтүү менен катар ансамблдештирип күү черткенди да үйрөтөт экенсиз?
— Ооба, шакирттеримди ансамблдештирип өз күүлөрүмдү үйрөтөм. Жаңы баштаган окуучуларыма «Алтын балалык», «Маш ботой» сындуу күүлөрдү үйрөтөм.
— Тарбиялап жаткан балдарыңыздын ичинен устатынан ашкан күүчү, комузчу барбы?
— Ар бир адамдын жөндөмү ар башка. Бири он жылдап өздөштүрө албаганды экинчиси он күндө өздөштүрүп кетиши ыктымал. Үмүт бар…
— Комуз баянын айтып берсеңиз?
— Ата-бабаларыбыз ушундай кереметти мурас кылып калтырган. Комуздун жашоо доору өтө узак. Камбаркан деген мергенчи токойдо аң уулап жүрүп, бакка илинип калган маймылдын ичегиси шамалдан дуулдап жагымдуу үч чыгарып атканын байкап, «сыйкырдуу добуш экен» деп комуз жасаптыр деген уламышты билебиз да. Ал эми Кытайдын 2000 жыл мурун жазылган китебинде: «Кыргыз деген калктын үч кылдуу беренесиз музыкалык комуз деген аспабы бар» деп жазган экен. Ошол 2000 жыл мурда дүйнөдө тарыхта айтылган бир дагы аспап жок эле. Скрипка, гитара, фортепиано сыяктуу аспаптардын бардыгы 300 жыл аралыгында пайда болгон аспаптар. Комуз 2000 жыл мурда пайда болуп, көптөгөн өнөрпоздор ой-кыялдарын комуз кылдарына салып, укмуштай күүлөр жаралган. Эл эсинде калганы канча, калбаганы канча… Ошол улуу мурастардын эң алгачкысы Атилланын заманына байланыштуу экен. Аны биз Адил хан дейбиз, батышта Атилла деп даңктап окушат. Ошол Атилла атабыз 450-жылдары жашаган тура. Ал кишинин Төлөк деген баш вазири болот, өтө олбурлуу алп адам болгондуктан, ат көтөрө албай, бука минип жүрчү экен. Букасынын аты Шүдүңгүт болот. «Ой күлүгү шүдүңгүт» деген макал бүгүнкү күнгө чейин айтылат. Анан «Шүдүңгүт» дастанын Төлөк атабыз буканын жүрүшүнө арнаган дейт бири, экинчиси Адил хан өлгөндө кошкон кошок дейт. Ырдалып калган саптары бар, «Шүдүңгүттүн жүрүшү» деген күүгө салып черткенде, кадимкидей дастан болот, аны эл арасында ырдап жүрөм. Ал күүнү 1962-жылы, бала кезимде Абдрахман Кыдырбай уулу деген адамдан үйрөнгөм. Ушул күү менен Бишкекке чейин сынактарга катыштым. Мындан 1500 жыл мурда чыккан күү радионун казынасында төрт комузчунун айтканы боюнча сакталып турат. Ал эми дастаны болсо, Кыргыз Илимдер Академиясында сакталган. Мына ушундан эле кыргыз комузу дүйнөдөгү эң алгачкы аспап деп ой жүгүртсөк болот. Комузга жакшы, аяр мамиле жасоо керек. Кыргыздар «күн чыга берет, суу ага берет» дегендей мамиле кылабыз.
— Узак тарыхы бар комуз черткенди кимден үйрөндүңүз?
— Алты жашымда атам үйрөткөн. Кайда болбосун, мени жетелей барып комуз черттире берчү. Эл мактаса мен да берилип кетчүмүн. Ошентип жүрүп эле уланып кетти. «Күйөө бала теңсиң, биягыма келсең. Биягыман өтүп, тиягыма келсең» деген илгеркилердин тамаша ыры комуздун күүсүнө оңой келет. Чыгармачылыгымдын башаты ошондон башталган. Кийин бир топ күүлөрдү чертип калдым. 2-классымда комуз чертип сахнага чыктым, 5-классымдан ар кандай сынактарга катыша баштагам. 1974-жылы Ак-Талаада музыкалык балдар мектеби ачылып, кадр таппай, ал учурда маданият үйүнүн директору элем, алпарып мени мугалим кылып коюшту. Комуздан сабак бере баштадым. Европанын нотасы менен өтсөң, балдардын комузга кызыгуусу жоголуп, баштары айланып каларын байкадым. Комузду үйрөтүүнүн оңой жолун издеп өзүнчө ыкмаларды ойлонуштура баштадым. Ал ыкмаларым бүгүнкү күндө «Эн белги» менен китеп болуп чыкты.
— Комузубуздун башка элдин аспаптарынан дагы кандай өзгөчөлүгүн айтар элеңиз?
— Дүйнө жүзүндөгү кылдуу аспаптар бир же эки түрдүү болуп күүлөнсө, комузубуз он сегиз түрдүү күүлөнүш менен пайда болгон. Комуз жаралган узак убакыт ичинде ар өнөрпоз өз табитине туура келген музыканы чыгарууга аракет кылышкан. Он сегиз түрдүү күүлөнүш эле дүйнөнүн башка аспаптарына салыштырмалуу комуз он сегиз эсе бийик деңгээлге көтөрүлгөн десек болот.
— Комузду өзүңүз чабат экенсиз. Канча убакытта даяр кыласыз?
— Төрт бир туугандан бул өнөр мага атамдан өткөн. Комуз чабуу өзү өтө татаал иш, өтө кыйынга турат. Өрүктөн комуз чабыш үчүн үч жыл убакыт керек. Аны кыйып, кургатып, улам жеңилдетип чаап туруу зарыл. Анан эки-үч жылдан кийин комуз болуп чыга келет. Канча комуз чаптым санап көрбөптүрмүн (күлүп). Орточо алганда, 300гө жакындап барды. Ар кимге белек кылып бердим.
— Чапкан комуздарыңыз сатылабы?
— Баа боюнча бир мисал айтайын. Орто кылымда жашаган жанагы италиялык скрипка жасоо чебери Антонио Страдивари кылдуу аспапты кантип жакшыртуу сырын тапкан экен учурунда. Өмүрүндө 600дөн бир аз ашкан скрипка жасап, ар бири азыр1,5 млн доллардын айланасында колдон-колго өтүп келет. Ал скрипка үнү Карамолдо атабыздын комузунун үнүнө салыштырмалуу начар эле. Карамолдонун комузун мындай эле тартканда укмуш сыйкыр үн чыгып турат. Эгер мен чапкан комуз Карамолдонун комузуна теңелип калса, Страдиваринин скрипкасынын баасынан бир топ жогору болуш керек. Жок дегенде 2 млн доллар. Бирок, андай акча кыргыздын колунда жок. Ошондуктан аталарыбыздын баасындай бир кой деп эле коем. Ал эми сактаганда, сактагысы келген киши кандай жагдайда болсун жакшы сактайт. Негизи өрүк комузун күн тийбеген жерге сакташ керек. Күн тийген жерде жарылып кетет.
Маектешкен Кымбат ТУРДУБЕКОВА,
«Асаба», 08.05.2014-ж.