Шайлоо жакындаган сайын талапкерлердин чый-пыйы чыгууда. Алдыда бараткан атаандашына ар кандай ыплас иштерди жүргүзүү күч алып келет.Андай ыплас иштердин бири — ОБОНчулар. Бул боюнча маалыматты 5-октябрда НТС телеканалынан Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Сонунбек Жунусбеков билдирген. Ал күйүп-бышып: “Бабанов 7-октябрда, Ош шаарынын чоң стадионунда, 8-октябрда, Кара-Сууда эл менен жолугушуу өткөрөт. Ал жерге “группа-минус” пайда болушу мүмкүн. Бул деген аялдардын, балдардын тобу. Алар жумуртка менен уруп, чагымчылдык кылышы мүмкүн” деди. Бүгүн ал жолугушууну уюштуруп жатышкан Ош шаарынын тургундарынын жоон тобу бул маселе тууралуу жергиликтүү бийликке кайрылышкандыктарын, шаардык ички иштер башкармалыгы тартип бузууга жол бербестигин убада кылышканын айтышты. Көрө жатабыз, чындап эле ОБОНчулар капталдан чыга калса, анда азыркы бийликте ар калбай, ишенгени ажаан аялдар болуп калса, “жетишкен экенбиз” дей берели…
“ОБОН” качан пайда болгон?
“ОБОН” деп аталган аялдар Акаев, Бакиев тушунда эле бийликтин куралына айланган. Аны агездеги депутат ыраматылык Дооронбек Садырбаев аныктама берди эле: “ОБОН – отряд баб особого назначения” деп. 2008-жылы Каркыра жайлоосу Казакстанга өтүп кеткенде, оппозиция Түп районуна барган. Ал жерден ОБОНчулар оппозицияларды тосуп алып, жумуртка менен урган. Болот Шерди түртүп, жумуртка менен уруп, жаман сөздөр менен тилдешкен. Болот Шердин кан басымы көтөрүлүп, тез жардам чакырылган..
Эрзат МЫРЗА
Ошондо оппозиция “Де факто” гезитине Төлөгөн Карыкеев (Кимбайке) боорду эзип, төмөнкү азилин жазган эле:
ОБОНу менен сөзү кимдики?..
«Менин жайым сурасаң, атым Сайраш. Өзүм түптүк, бетим тултук. Тултук Сайраш десеңер Түптө мени илгери эле таанышчу. Өзүм миң тогуз жүз баланчанчы жылы туулгам. Үч күйөөдөн чыккыча, мүнөзүм жибектей созулган аруу жан элем. Төртүнчү күйөөмө чыкканы катуу өзгөрүлдүм. Ар кайсы фамилиядагы артыман чубурган балдарым канымды ичкени аз келгенсип, сийдик ичкир төртүнчү күйөөм да бир күн соо болбой койду. Анын үстүнө албарстыдай болгон кайненем менен абысындарым туш-туштан талап атып, мени бешинчи күйөө жөнүндөгү албуут ойлорго алып барып жарга такагандай такашты. Ошондо мен биринчи жолу катындар чогулса чоң күчкө айланарын туйдум. Көрсө, абысындар менен болгон ошол салгылашуулар менин саясы сабаттуулугумдун бүчүр ачып, андан ары «палитически» жактан караңгылыктын жоюла башташына биринчи түрткү болгон экен. Көп узабай, абысындарымдын башын айландырып, алардын жардамы менен кайненеме каршы саясы кутум уюштуруп, кемпирди кызыныкына айдап жолго салдык! Кемпир да оңой-олтоң жоо эмес экен, Сайраштан Майраш кем бекен деп ар кайсы күйөөдөн тууган тогуз кызын чогултуп келип, тынч жаткан жерден таңгамаал бүлүк салды! Жеңилүүгө дуушар болгон абысындар сай-сайлап туш-тушка качтык. Күйөөлөрүбүз лам деп ооз ачкан жок! Ошондо мен биринчи жолу саясы күрөштө эркектерден эч пайда жок экенин көк желкем менен туйдум.Ошентип, менин «палитически» ишмердигим башталды.
Айт-дува деген эле жерден көктөн издегеним көлдүн жээгинен табылып дегендей, ошо күнү биздин айыл жакка түбөлүк демекрат Текебайып баштаган бир топ ири мүйүздүүлөр тыранспаранттарын тыртайта көтөрүп келип калышты. Мени кайненем күйөөмдүн жылуу койнунан кууп чыгып атса, силер текей оттоп кайда жүрөсүңөр деген ачуум менен ала чыккан жумурткамды шилтеп жиберсем болобу! Бирөөсүнүн чекесине «чак» эле дей түштү! Кимдир-бирөө шатыратып кол чаап жиберди. Карай койсом, обулустун гүбүрнатыры өзү кол чаап, аны акимдер коштоп: «Дагы, Тултук Сайраш! Түптүк Сайраш, бизге тыранспарат менен келгендерди түбүнө түшүр! Дагы ур, Тултуке! Жумурткасын да, жууратын да өзүм төлөп берем! Бүгүнкүнүн ыстакановчусу сенсиң!..» деп бакырып атыптыр. Ошол жерден эйфория шак эле мени булутту көздөй ыргытты! Андан аркысы эсте деле жок, колума бир себет жумуртка карматышканын элес-булас билем, уруп эле аткам, уруп эле аткам… Ошо күнү көрсө, жалгыз өзүм жарым себет жумуртка менен жоонтоп бикетчилерди көлдөн баштап Кызыл-Көпүрөгө чейин сүрүп таштаптырмын!..
Эртеси мен ызнаменитый болуп эле калдым. Гүбүрнатыр чакыртып алып акыл-насаатын айтты, сендейлер бар үчүн Кыргызстан жашап атат деди. Сенин бактың Бишкекте! Сени не бир эрдиктер күтүп атат деди. Ишенимдүү, бирак да Ленинчесинен кыйтыр көз-караш менен бекемдеп айтты…
Эртеси эле абысындар чогулуп алып Акүйгө жөнөдүк. Бир кулач арыз менен. Элди кырылыштырганга жакшысың деп абысындарым мага катынбашы деген наам беришти. Ошентип жулкунуп Акүйгө жөнөдүк. Акүйгө жеткиче тырмактарыбыз орок, тилибиз бир кулач болду! Шиштакаларыбызды бычак курчуткан кайрак менен кайрадык! Эриндерди кочкул-кызыл түскө боеп, ар бир чөнтөккө бирден чөнтөк салдык. Ошо менен саясат айдыңында үчүнчү күч пайда болду! Бүт өлкө издеп таппай жүргөн Үчүнчү күч! ОБОН деген! Обону да, сөзү да өзүбүздүкү.
КИМБАЙКЕ