Азыр Лос-Анжелесте Asian World Film Festival үчүнчү кинофестивалы болуп өттү. Мурда фестивалга белгилүү артист Анжелина Джоли келгени айтылып, фестивалдын негиздеген кинорежиссер Садык Шер-Нияз менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланган. Эми соцтүйүндөрдө кичинекей кыргыз бала киножылдызга оюнчук ак илбирсти берип жаткан сүрөтү тарады. Көрсө, бала уюштуруу тобунун мүчөсү Асель Шерниязованын уулу экен.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы