Бүгүн, залкар талант Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүнө карата айкели “Ала Тоо” кинотеатрынын жанында ачылды. Айтылуу актердун эстелиги Уралда (Россия) Дубровин чеберканасында даярдалып, жогорку сапаттагы көркөм колодон жасалган. Эстеликтин салмагы 600 килограммды түзгөн. Кыргыз-орус биргелешкен долбоордун алкагындагы жасалганы айтылганы менен каржысы жашыруун бойдон калды.
Алмаз КОЖОГУЛОВ: “Чокморовду шляпасыз такыр көргөн эмесмин”
Монументтик айкелдин автору Алмаз Кожогулов. Ал эмнеге ушундай образга токтолгондугун мындай деп түшүндүргөн: “Мен Сүймөнкул Чокморовду Чүй проспектисинде шляпа кийип алып сейилдеп жүргөнүн көп көрүп калчумун. Аны шляпасы жок такыр көргөн эмесмин. Ошондуктан да дал ушундай образ түзүүнү чечтим”,-дейт Алмаз Кожогулов.
5 миң сомдукка ата-жөнүн агасы Намырбек Чокморов киргизип, көрүп кетти…
Сүймөнкул Чокморов тирүү болгондо 78 жашка чыкмак. Чокморовдун улуу агасы Намырбек Чокморов согуштун ардагери эле. Намырбек атабыз инисинин айкелин тургузуу үчүн эки бийликке кайрылып, барбаган жери, жазбаган кагаз калган эмес. Акырында чарчап, ыйлап, ооруп төшөккө жатып калган. Ошондо да акыркы күчүн жыйнап, 5 миң сомдукка инисинин аты-жөнүн берип кетти. Буга киргизүү үчүн да канча чуркады. Кудайга шүгүр, акчанын чыкканын көрүп, аябай сүйүнгөн. Бүгүн тирүү болгондо айкелге да аябай сүйүнмөк экен. Аттиң… Бул эми өзүнчө чоң тема. Буга кайрылып, жакын арада беребиз.
ӨЛБӨСТҮК ҮЧҮН ЖАН БЕРҮҮ
(Сүймөнкул Чокморов жөнүндө)
Депутат Каныбек Иманалиев улуу инсан тууралуу мындан 25 жыл илгери жазган макаласын сунуштайбыз.
Ушу жыл кыргыз журту үчүн кара жолтой жыл болду. Эки ирет жер титиреди. А бүгүн минтип денебиз титиреп отурат.
* * *
Нан кымбаттаптыр, бензиндин баасы асмандап кетиптир деп ыркырашып-чыркырашып, анан «сары ооз балапандарга» чейин саясатчы болуп, саймедиреп жаткан заманда кокустан эле мээбизге «каңк» деп бирдеме тийгендей болду. Көрсө бир учубуз үзүлүп түшүптүр. Бир шагыбыз сынып түшүптүр. Бир жылдызыбыз кулап түшүптүр. Кыргыз көркөм өнөрүнүн ибараты болгон, көйкашка талант Сүймөнкул Чокморов дүйнө салып кетиптир.
* * *
Анан кечээ опера жана балет театрынын астында турдук, сиздин жер астына көмүлөрдөгү жүзүңүздү көрмөккө, акыркы ирээт таазим этип, азалуу зыйнатыщызга биз дагы бир адамдык парзыбызды аткармакка. Эл абдан көп болду, бирок алар бу ирээт кумшекер үчүн, же айлык алыш үчүн, же арзан товар үчүн кезек күтүп кысылышкан жок. Талантка таазим эткени келишти. Демек, биз көрпенде болуп кеттик дегенибиз бекер кеп экен.
* * *
Андан келип «Асабанын» балдары бири-бирибизге көңүл айттык. Арты кайрылуу болсун дедик, артын берсин дедик. Арты кайрылуу болгону ушу, эми элибизде мындан ары жаманчылык болбосун. Артын бергени ушу, эми дагы элибизден Сүкөбүздөй таланттар чыксын. А эгер андай болбосо улуттун куруганы ошо.
* * *
Ушу муундун балдары көп армандасак болот. Себеби биз чыныгы баатырлардын чыныгы жүзүн көргөн жокпуз. Тайлак баатырдын, Ормон хандын, Балбай, Шабдан, Байтик баатырлардын, Алымбек датканын, Пулат хандын жүзүн көргөн жокпуз. Алардын кай биринин кабелтеңдиги, жотолуу денеси, кабак түйгөндөгү айбаты, же кашы, же ушу басканы Сүймөнкулга окшош болсо керек деп мен ойлой берем.
Аттиң десе, эч болбогондо Манастын ролун ойноп калганында не! Себеби Сүкөбүздөн баатырдыкындай касиеттер сезилчү.
* * *
А бирок баатырлар да ыйлайбы? А Сүкөбүз Сүлүккарасын сууга агызып ийгенде ыйлабады беле? Бүгүн да эли ошентип Сүлүккарасын сууга агызып ийгенсип, муун-жүүнү бошоп отурат.
* * *
Сагын эже биздин гезиттин өткөн санында жазыптыр, улуу адамды улуу адам гана эстейт деп. Ушул сөздүн мыйзамына баш ийгенсип Сүкөбүз Саякбайдын сүрөтүн укмуш кылып тартып салган. Демек, Сүкөбүздүн өзүн да келечекте улуу адамдар эстеш керек.
* * *
Кечээ аза зыйнатында баарыбыз турдук кабагыбызды түйүп… Саякбай өлгөндө да, Турар өлгөндө да, Алыкул өлгөндө да, Таттыбүбү өңдүүлөр өлгөндө да элиңиз ушинтип туруп берген, эки көзүн алайтып, эрдин тиштеп, буту менен жер чукуп. Анысы – адам баласы ажал астында алсыз экендиги.
* * *
Эгер Кудайдын бар экени чын болсо, эртеңден баштап Сиз бу дүйнөдө, асыресе Ала-Тоонун саясында арбак болуп жашайсыз, рух болуп жашайсыз. Анан Өлбөстүк болуп жашайсыз (анткени өлүмгө чейинки өмүрүңүз ага татыды).
А көрсө, сиз Өлбөстүккө айланыш үчүн өлүп кеткен турбайсызбы! Андай болсо, кош бол, Өлүм, куш кел, Өлбөстүк!
(«Асаба» гезити, 1992-жылдын 1-октябры)
Даярдаган Назира ЖАКШЫЛЫКОВА