Бул тууралуу Асел Сакеева билдирүү таратты. Анын айтымында, «KYRGYZ-2017» флэшмоб 1-декабрда, саат 14:00дѳ “Бишкек парк” соода борборунда башталат. Флэшмобдун максаты: кыргыздын салттуу кийимдерин, музыкасын жана билимдерин кайра жаратуу, түп нускасын кѳрсѳтүү, сактап калуу жана дүйнѳ элине даңазалоо. “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата, “Кийиз Дүйнө ” коомдук фонду, “Устат Шакирт” борбору, “Шамдагайлар” тобу, “Макал Арт” студиясы “Бишкек парк” соода борборунун колдоосу менен “KYRGYZ-2017” флэшмобун биргеликте уюштурууда.
Флэшмобго 1-декабрда, саат 2ге “Бишкек парк” соода борборуна барып, баарын өз көзүңүздөр менен көрүңүздөр!
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы