Бул тууралуу РИИБ билдирди. Алардын айтымында, Ош облусунун Ноокат районундагы 10-класстын окуучусу ай-күнүнө жетпей, 6 айлык өлүк бала төрөлгөн. Кыздын боюна кимден бүткөндүгү азырынча белгисиз. Милиция аны издөөгө алды.
Окуучу кыздын ата-энеси Орусия иштеп жүргөндүктөн, ал чоң-ата, чоң-энеси менен жашап жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин Талас, Нарын облустарында 14 жаштагы, Чүй облусунда 13 жаштагы окуучу кыз төрөгөн.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы