Бүгүн, 8-декабрда Ат-Башыда районунда жер алдынан чыккан суулардын саркындылары чогулуп, болжол менен 150 турак үйлөрдү каптап калуу коркунучу жаралганы боюнча ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын “Аралбай-Саз” участогунан жер алдынан чыккан суулардын саркындылары чогулуп, айылды аралап өткөн. Аба-ырайынын төмөндөп жаткандыгына байланыштуу суулар тоңуп, тос (муз катмары) пайда болуп, айылдагы болжол менен 100-150 турак үйлөрдү каптап калуу коркунучу жаралган. Ал жерге ӨКМнин куткаруучулары 100 даана капка топурак салып, 100 метр жерди тосуп, суунун нугун каналга бурушкан.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы