Ат-Башыдагы 150 үйдү суу саркындысы каптап кете жаздаган…

Ат-Башыдагы 150 үйдү суу саркындысы каптап кете жаздаган…

Бүгүн, 8-декабрда Ат-Башыда районунда жер алдынан чыккан суулардын саркындылары чогулуп, болжол менен 150 турак үйлөрдү каптап калуу коркунучу жаралганы боюнча ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын “Аралбай-Саз” участогунан жер алдынан чыккан суулардын саркындылары чогулуп, айылды аралап өткөн.  Аба-ырайынын төмөндөп жаткандыгына байланыштуу суулар тоңуп, тос (муз катмары) пайда болуп, айылдагы болжол менен 100-150 турак үйлөрдү каптап калуу коркунучу жаралган. Ал жерге ӨКМнин куткаруучулары 100 даана капка топурак салып, 100 метр жерди тосуп, суунун нугун каналга бурушкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.