БШК төрайымы Н.Шайлдабекованын орун басары болуп эмгектенип келген Атыр Абдрахматова 8-декабрда бул кызматынан кеткен. Тагырагы, БШК мүчөлөрү жыйын өткөрүп, ар кайсы шылтоону айтып, бул кызматтан алышкан. Бул орунду бошотуу демилгенин автору — Алмаз Асаналиев болгон. Анын айтымында, Атыр Абдрахматова шайлоо компаниясынын жүрүшүндө, БШКнын башка мүчөлөрүнүн кадыр-баркына шек келтирген имиш. Асаналиевдин ушундай болбогон сунушун БШКнын 8 мүчөсү колдоп беришкен. Азыр Атыр Абдырахматова орун басарлыктан кеткени менен, мүчө катары калган. БШК боюнча айтып берди. ВИДЕО
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы