Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик Жаштар театрында эмгектенип жаткан актриса, дастанчы жана казалчы, обончу жана аткаруучу, акын – драматург Чынар Калыбекова менен маек курдук.
— Чынар эже, кыргыз аялдарынын ичинен чыккан биринчи дастанчы жана казалчы экениңизди билебиз. Жумурай журтка, кыргыз элине ырчы жана дастанчы катары таанылгансыз. Чыгармачылыгыңыз боюнча китеп чыгара алдыңызбы?
— Ооба, сегиз китептин авторумун. Бул китептерге жыйырмадан ашуун обондуу ырлар, дастан, казалдар, аңгеме, новеллалар камтылган. Ошондой эле залкар инсандарды көп учурда эскерип, жазып келем. Атай кетсем: Бакен Кыдыкеева, Эстебес Турсуналиев, Чыңгыз Айтматов, Байдылда Сарногоев, Гүлшара Дулатова, Капар Медетбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Таттыбүбү Турсунбаева, Алмаз Сарлыкбеков жана башкалар.
-Ушул эмгегиңиз мамлекет тарабынан бааландыбы?
— Кудайга шүгүр. Маданияттын мыкты кызматкери, Т.Абдумомунов жана А. Токомбаев атындагы сыйлыктардын ээси, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРнын Президентинин “Ардак Грамотасынын” ээси болдум. Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун жана Кыргызстан Драматургдар Ассоциациясынын мүчөсүмүн.
-Жогорку окуу жайды Кыргызстандан эле бүттүңүз беле? Алгачкы эмгек жолуңуз кайдан башталган?
-Ташкеттеги Н.Островский атындагы Театралдык Институттун жана Б.Бейшеналиева атындагы Искусство Институтунун “Актер Театр жана Кино” бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөм. Алгачкы эмгек жолум Кыргыз Академиялык Драма театрынын алдындагы эки жылдык театралдык студияны окуп жүргөндө, кийин М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрынан башталган. 1983–1987 – жылдары Филармонияда, Фольклордук ансамблде солистка болгом. 1987-жылы кайрадан М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрына Маданият министрлиги тарабынан которулуп, 1990-жылга чейин эмгектенгем. Көпчүлүк башкы каармандардан турган образдарды жаратуу менен элдин жүрөгүнөн орун таап, эмгегим мактоого арзыды. 1990-жылы Маданият Министрлигинин жолдомосу менен жаңы ачылган ТЮЗ театрына которулгам, ал жерден ондогон ролдорду ойнодум. Кыргызфильм жана Кыргызтелефильмде да өз салымымды кошуп келатам.
— Актерлук кесип сизге эмне алып келди?
— Бул актердук кесип мага энемдин сүтү менен жана туулган айылым Шекеримдин (белгилүү актриса айтылуу Чыңгыз Айтматов туулган Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Шекер айылында 1961-жылы 19-апрелде төрөлгөн — авт.) касиети менен келди деп билем. Бул кесип мага өзгөчө бакыт алып келди десем ашык болбостур. Анткени мен бул кесиптин ичинде ондогон өнөрдү коштоп куттуу сахнадан канчалаган ырахаттарды алдым. Муну айтып түгөтө албайм. Айткан күндө да менин жандүйнөм менен сезгенимди баардык эле адамдар сезе билбес. Бул театр! Театр менин бүтүндөй өмүрүм! Тагдырым!!! Мындай тагдырды жон териң менен сезүүң керек. Бул зор бакыт! Мына, 40 жыл аралыгында мен театрга, кыргыз маданият искусствосуна бүтүндөй өмүрүмдү, тагдырымды тартуу кылдым. Мүмкүн бул да аздык кылаар…
-Демек, бала кезде кыялданган кесибиңиз экен да?
— Ооба, бала кезден, ал тургай мектеп босогосун аттай электен тандаган кесибим. Биринчи мугалимим: “Чоңойгондо ким болосуңар?” деп суроо бергенде эле эң биринчи мен тура калып: “Мен чоңойгондо артист болом”,-дечүмүн.
— Алгач көргөн артисиңиз ким эле?
— Биринчи эле көргөнүм Даргүл Күйүкова эже болгон. “Артист келет экен” деп айыл дүң болчу эле го. “Барабыз” деп толкунданчубуз. Бир күнү Чоң сайга атактуу артисттер оюн коюшуп келгенде бардым. Ошондо Даргүл эже Толгонайдан монолог айткан. Драматург Бакы Өмүралиевдин “Унутулгус күндөр” спектакли экенин кийин билдим.
— Бүгүн минтип өзүңүз бүгүн белгилүү драматург болуп чыга келдиңиз. Жазуу эргүүсү качан келет: күндүзбү же түнкүсүнбү?
— Ал түнбү, күнбү, иши кылса, кайсы учурда келсе, ошол учурда олтурам. Кээде эл жатканда олтурсам таң атканча жазам. Бир түндө жазган драмаларым бар.
— Заказ менен ыр жазып берген учурларыңыз болобу?
— Мен заказ менен ыр жазбайм. Угуп, көрүп, жактырып жазам. Арноо ырларым бар.
— Азыр китеп чыгаргандар көбөйүп кетти. Жайнаган китептерди ылгап, авторуна карап окуйсузбу?
—Мен ырасын айтсам, колума кандай китеп тийсе, ылгабай окуйм. Автордун эмне айткысы келгенин билгим келет. Бирок, көпчүлүк китепке ыраазы болбой калам, аны жашырбайм. Кээде болбогон эле китептер чыгып калат. Же эмне жазганга материал жокпу? Толуп жатат. Болбогон бир чыгармага убактысын текке кетиргенине ичим ооруйт. Кээ бир авторлор окуучунун блокнотунун жартысындай болгон китепти чыгарат. Эми айта берсе сөз көп. Андан көрө жакшы кеп айталы. Мен баардык чыгармачыл кесиптештериме бекем ден соолук, өмүр, чыгармачылык ийгиликтерди каалап кетким келет.
— Кайсы чыгармачыл адамды жактырасыз: кимдин ырын угасыз?
— Комуз, домбра күүлөрүн, Айтышты угам. Дарика Жалгасынова, Саламат Садыкова жана Керим Тураповдун ырларын угам.
— Адамдардын атак-даңкына, байлыгына карап мамиле түзөсүзбү, же?
— Андай адам эмесмин. Мени эч ким таңгалдыра албайт. Бай болсо өзүнө буюрсун. Тек адамгерчиликтүү болсун. Менин жашоом өзүм тандагандай гана болуусу керек. Андагы атак – даңк өзүмдө деле бар.
— Адамдардан кандай сапатты издейсиз?
— Адамдын түздүгүн, боорукердигин жана бекемдигин баалайм. Сөзгө тура билген, сыйлаша билген адамды жактырам.
— Өзүңүздө ушундай сапаттар барбы?
— “Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр?” дегендей, ак көңүл кишинин да кыялы болот эмеспи. Мен өзүм абдан кекчилмин.
— Кечиресиз, мындай кыялыңызды жолдошуңуз кандай кабыл алууда?
— Биринчиден, менин жолдошум жок. Болгон тагдырын театрга арнаган кишиде кайдагы күйөө? Бул эми тамаша. Мага, менин тагдырыма бир да күйөө буйрубаптыр. Ал үчүн эч кимди күнөөлөбөйм. Өзүмдү да күнөөлөбөйм!
— Азыр интернетти “күйөө”, “аял” кылып алгандар бар. “Балдар каралбай, чачы таралбай калды” деп интернеттен баш көтөрбөгөн келиндерге нааразы болгон кайын энелер да болуп аткан экен. Сиз да баш көтөрбөй интернетке киресизби же кайсы маалда киресиз?
— Кызык суроо. Колум бошогондо кирип, бир тобун окуйм. Кызыктуу. Анан ой толгоомду жазып калам. Көбүнчө Фейсбукка, гезиттерге, ж.б. сайттарга жаңылыктарды карап кирем. Телерадиодон да жаңылыктарды эч кое бербейм. Жакшы жаңылык угуп, көрүп, окуп калсам сүйүнүп, жаман кабар болсо күйүнүп калам. Дегеним, көп жаш чыгармачыл адамдар арты артынан каза болуп калганы байма бай жазылды. Бардык адам жазды. Мына кечээ жакында эле кабырганы кайыштырып мыкты артист Марат Козукеев, ырчы Мурадил Сагыналиев өтүп кетти. Андан мурун Гүлбүбү Ороскул кызы, Элмира Кайып кызы. Жаштардын кетип жатканы өтө өкүнүчтүү. Маданият чоң жоготууга дуушар болууда. Ушул жерден баса белгилеп, кошумчалай кетчү нерсе, бирөөлөрдүн артынан сая түшүп, ага асылып алган айрым адамдар жакпайт! Эмне башка иши жокпу?
— Интернеттен байкап жатасызбы, көпчүлүк жаштар оозго келгис сөз менен пикир жазууда. Балдарды тарбиялоо ата-энеденби же чөйрөдөнбү?
— Балдар бузулган жок. Коом бузулду. Анан ошондой коомдун ичинде кандай тарбия алууга болот? Дагы күчөсө келечегибиз болбойт. Тезинен жаман оорудан арылышыбыз керек! Каада-салтты сактоо абзел! Мен накта кыргызмын. Улутубуздун салт – санаасын, каадаларын сактайбыз. Салтты сактоодо, балдарды тарбиялоодо жаман дебейм. Учурунда тарбияладык. Бирок менин балам тарбия берүүдөн эчак өткөн. Эки кыздын атасы болуп калды. Неберелер чоңоюп жатышат.
— Билгени, билбегени деле саясатка аралашып кетишти. А сизчи, саясатка кандайсыз?
— Саясатка кийлигишпейм. Ар ким өз жолу менен болгон жакшы.
— Мына жаңы жыл жакындап калды. СССР убагында жаңы жылды кандай тосчу элеңиздер?
— Эң жакшы суроо. Жаңы жылды эл катары эле тосчумун жана да тосуп келем. Албетте, жаш кезде ырдап – чордоп дегендей… Эми тынч эле тосом. Анын үстүнө мен жанагы аттырган ызы – чуудан корком. Ар жаңы жылда бир чыгарма жазам, же баштайм. Мына менин жашоом ушундай.
Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы