Эрнис уулу Айбекке ишенбөөчүлүк эстафетасы старт алды!

Эрнис уулу Айбекке ишенбөөчүлүк эстафетасы старт алды!

Мындай эстафетаны Финляндия мамлекетинин Хельсинки шаарында жашап, иштеп жаткан журналист Асыран Айдаралиев баштады. Интернетте ишенбөөчүлүк күч алды! Ишенбөөчүлүк эстафетасына Асыран мырза төмөндөгүдөй жазган.

“Урматтуу достор! Текебаев жана Чотоновдун сотун алып барып жаткан Эрнис уулу Айбекти мындан ары «сот» деп эсептебейм жана элдик ишенбөөчүлүк жарыялоону сунуш кылам! Эрнис уулу Айбек төмөнкү себептерге ылайык, «сот» деген кадырлуу сөзгө татыксыз:

— Адвокаттар тарабынан 18 жолу ишенбөөчүлүк жарыяланып, баары четке кагылган. Мен билгенден бир да мынчалык көп санда ишенбөөчүлүк жарыяланган эмес. Жигиттик намысы бар адам көп сандагы ишенбөөчүлүктөн соң процесстен баш тартмак;

— Соттук процесстин элге жайылуусуна, элдин маалымат алуусун чектеп, видео жана фото съемкага тыюу салды;

— Соттук процесске жарандардын кирүүсүнө тоскоолдук жаратып, бир туугандары менен айрым журналисттердин кирүүсүнө гана уруксат берип, де-факто жабык сот өткөрүүдө;

— Эмгек кодексинин түздөн-түз бузуу менен түнкү 22:00го чейин улантууда;

— Түнкү 22:00го чейин созулган соттук процессте Өмүрбек Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, эки жолу тез жардам чакырылды. Врачтардын эскертүүлөрү да эске алынган жок!

— Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеваны сот залынан күч менен чыгарып салууга буйрук берди. Роза Исаковнанын кол тийбестик укугун, кадыр-баркын, жасаган эмгегин тебелеп салды».

Бул сотко туптуура жүйөөлөр коюлган. Мыйзамды бузган, далил эмес, имиш менен иш алып барган, бийликтин буйруган аткарган соттордун иш алып барууга акысы жок!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.