Бул тууралуу уюштуруу тобу билдирди. Алардын айтымында, Бишкекте 5-март — Ак калпак күнүндө бир тонна бешбармак “Ала-Тоо” аянтында эмес, «Аю грант комфорт» маркетинин короосунда жасалат. 5-мартта эмес, 11-мартта жылды.
Мындай иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү биргеликте уюштуруп, Гиннестин рекорддор китебине киргизүүгө аракет көрүшүүдө. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, 5 жылкы союлат. Беш бармактын камыры колго жайылат. Андан тышкары, 100 метрлик чучук да даярдалат.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы