Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси Өмүрбек Текебаевдин камалганына бүгүн бир жыл болду.
Эсиңиздерде болсо керек, былтыр (2017-жылы) 26-февралдын түнү Түркиядан иш сапарынан келе жаткан депутат Өмүрбек Текебаевди террористти кармагандай “Манас” аэропортунан кармап, УКМКга 48 саатка камакка алышкан. Башкы прокуратура орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алган деген айып тагып, “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Дал ошол маалда андагы ажо Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин тиреши күчөп турган болчу.
Ушактын негизинде чыккан чечим, окулган өкүм
Козголгон иш боюнча сот болгон. 2017-жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту адвокаттардын кагаз жүзүндө күнөөсүз далилин эске албай, күбөлөрдүн айтканын да эсепке киргизбей, ушактын негизинде күчөтүлгөн тартиптеги 8 жылга абакка кесип, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү чечимин чыгарган. Кийин Бишкек шаардык соту да, Жогорку Сот да бул өкүмдү күчүндө калтырган.
Атамбаевдин эле буйругу болду…
Дегеним кур болбош үчүн Бабырбек Жээнбеков интервью бергенде, ачык эле айтып бергенин дагы бир жолу кайталап берип коелу. “Атамбаевдин Текебаевди отургузуу планы тээ 2011-жылы эле башталган, ошол бышып жетилгенден кийин отургузуп жатпайбы. Мен муну ушул убакка чейин айтпай келген элем, эми айтайын. Атамбаев өзү айткан. Анын айтканын Ахматбек Келдибеков экөөбүз укканбыз. 2011-жылы 7-апрелде “Ата бейитке” каза болгондордун арбагына багыштап куран окутканга барып калдым. Атамбаев менен андагы спикер Ахматбек Келдибеков экөө турган экен. Учурашып, чогуу сүйлөшүп туруп калдык. Сөздөн сөз чыгып олтуруп, бир маалда Атамбаевдин оозунан: “Бабыр аке, Текебаевге айтып коюңуз. Акыры мен аны жок кылам!” деген сөз чыгып кетти. Чынын айтсам, анын мындай сөзүнө дендароо боло түштүм. Ушул күнгө чейин эмнеге мага минтип айтканы мен үчүн табышмак. Эмнеден улам ушул сөз чыгып кеткенин Келдибековдон сурасаң болот”,-деген Жээнбеков.
Искен АФИДЖАНОВ, адвокат: «Текебаева невозможно сломать или запугать»
Өмүрбек Чиркешовичти жаңы кармап, УКМКнын убактылуу жайына кармаганда Текебаевдин адвокаты Искен Афиджанов менен журналист Назира Саалиева маектешкен. Ошону кайталап берип турубуз. Адвокат айткандай, Текебаевди эч ким сындыра да, коркута да албайт. Башынан эле депутаттын кармалышы боюнча мыйзам бузулганын адвокаттары айткан жана айтып келет. Артка сереп салып, орусча алынган маекке көңүл буралы.
— Искен, насколько правомерно задержание Текебаева в аэропорту? В этом случае, какие были нарушения закона?
— Считаю данное задержание незаконным, т.к. следственными органами Текебаев никуда до этого не вызывался и повестки ему никто не давал. Он является лидером парламентской фракции Жогорку Кенеша, а не беглым и опасным преступником-террористом, чтобы к нему применялись столь жесткие меры задержания.
Возможно, что это его задержание с трапа самолета является попыткой изоляции оппозиционного депутата от возможности ведения публичного разоблачения в отношении действующих высокопоставленных чиновников!
— Вы через какое время зашли к Омурбеку Текебаеву? Какое было его самочувствие?
— Как только я вступил в дело, то сразу же посетил Текебаева, т.е. 28 февраля 2017 года.
Самочувствие у него было менее удовлетворительной, т.к. еще до своей командировки в Австрию, Текебаев лежал неделю в больнице с жалобами на сердце.
Но духом он был и есть очень бодр, решителен, не считает себя в чем-то виновным и знает, что все это дело ни что иное как политическая провокация и репрессии со стороны власти в отношении политической оппозиции.
— В каких условиях он содержится? Чем питается? Есть ли наблюдение за его здоровьем?
— Текебаев содержится в одиночной камере примерным размером 3х3 м. В настоящее время, он питается тем, что ему передают родные и близкие люди, а также той пищей, которой питаются все содержащиеся там лица.
В СИЗО ГКНБ есть фельдшер, который следит за состоянием здоровья всех содержащихся там людей.
— Кого еще пускают к Текебаеву кроме вас? Пускают ли к нему его семью, других политиков, независимых правозащитников, экспертов?
— В настоящее время, кроме меня, к Текебаеву также заходит его первый адвокат Чинара Джакупбекова. Насколько я знаю, больше к нему никто не заходит.
Супруга Текебаева подала заявление в ГКНБ для предоставления ей свидания с мужем, но ответа пока еще не поступило.
— Говорят, что его там могут сломать или нет ли угрозы для его жизны, насколько это возможно?
— Такого политика как Текебаев, невозможно сломать или запугать. В настоящее время, он находится в «руках» властей и именно на них лежит ответственность за обеспечение его личной безопасности.
— Задержание О.Текебаева связывают с крушением самолета в Даче СУ, что он имел потвержденные документы о принадлежности груза семье А. Атамбаева?
— По данному вопросу я приведу Вам текст своего пояснения, которое давал ранее в СМИ:
«Сразу же после ареста Омурбека Текебаева появилась шокирующая кыргызстанцев информация о том, что груз самолета, упавшего на село Дача-СУ близ аэропорта «Манас» принадлежит Президенту и его семье.
Эта информация была озвучена на пресс-конференции юристами Омурбека Текебаева.
Сам Омурбек Текебаев уточняет, что это оперативная информация, которую он лично намеревался обнародовать, с предоставлением подтверждающих документов, сразу же после прилета из командировки в Австрию, но был задержан ГКНБ.
Поэтому, юристы которые озвучили лишь оперативную информацию, полученную Омурбеком Текебаевым и не настаивали на ее подлинности.
В тот же день, посольство Турции и ГКНБ опровергли информацию, озвученную на пресс-конференции. Естественно, что бумаги предьявленные на этой пресс-конференции не могли быть оригиналами.
По словам Омурбека Текебаева, оригиналы документов хранятся в надежном месте и «руках». Возможно даже за пределами Кыргызстана.
Отмечается, что в случае, если жизни и здоровью оппозиционного депутата Омурбека Текебаева, который находится сейчас в руках действующей власти, а также его юристам будет угрожать опасность, оригиналы документов будут незамедлительно опубликованы в отечественных и зарубежных СМИ.»
Ошентип бир жыл өтүптүр…
Өмүрбек Чиркешовичтин жок жерден соттолуп, камалып отурганына туптуура бир жыл болуп олтурат. Бир жылдан бери Текебаевдин аброю өстү. Эл анын актыгына ишенди. Балким, жакын арада чыгып калары да бардыр. Болгондо да дүркүрөгөн кол чабуулар менен!..
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы