Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева жолдошу, уулу Таир менен түшкөн сүрөтүн Инстаграм баракчасына жарыялады. Ал сүрөттүн алдына колдоочулары Алиянын кош бойлуу болушу менен куттуктап жазышты.
Эскерте кетсек, Алия Шагиева 2017-жылы 20-мартта көз жарып, ата-энесин сүйүнткөн. Атасы А.Атамбаев кубанып көп сөз сүйлөгөн. Аны кубаттаган кошоматчылар андагы президенттин, кызын аябай куттуктап жазышкан. Экинчи небере жээни жарыкка келгенде кошоматчылары ошондой куттукташаар бекен?
Былтыр (2017-жылы, 13-октябрда) андагы президент А.Атамбаевдин кызы Алия Шагиева колундагы татуировкасы жана тун уулун кантип төрөгөнү жөнүндө казактардын басылмасына айтып берген. Аны биз которуп бергенбиз. Аны бу ШИЛТЕМЕден окуңуз!
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы